www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дарыгерлер менен психологдор биргеликте баланы компьютердик оюндардан оолактатып, дарылоо иштерин баштады.
Испанияда видео оюндардан көз каранды болуп калган өспүрүм мажбурлоо жолу менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү El Pais гезитине шилтеме берип "Известия" жазды.
Маалыматка караганда, бул бейтап ооруканага түшкөн алгачкы учур. Бала эки ай бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу.
Ата-энеси баласынын жүрүм-туруму өзгөрө баштаганын окуу жылынын башында байкаган. Ал сабактан качып, уйкудан кала баштаган.
Кастельон провинциясынын ооруканасынын дарыгерлери менен Хайме университетинин психологдору биргеликте баланы компьютердик оюндардан оолактатып, дарылоо иштерин баштады
Медиктердин айтымында, өспүрүмдүн виртуалдык оюндарга берилип кетишине жакын адамынын өлүмү себеп болушу ыктымал. Мындай жол менен ал кыйналган жан дүйнөсүн жооткотуп жатышы мүмкүн экени кошумчаланды.
Баса, Кытайда балдарга онлайн оюндарды ойноого августтун аягынан тарта чектөөлөр киргизилген. Эми өспүрүм мындай оюндарды жума, дем алыш же майрам күндөрү саат 20:00дөн 21:00гө чейин гана ойной алат. Негизги максат — баланы көздүн көрүүсүнүн начарлашынан, интернет оюндарга көз карандуулуктан сактоо.
Булак: NazarNews.kg