www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ганси" базасында ачылган ооруканада пневмония жана коронавируска чалдыккандарды дарылап жаткан ортопед Сабырбек Жумабеков ийне жана дары-дармек алып келүүнү суранды. Мындай кайрылууну ал Facebook баракчасына жазды. 

"Урматтуу туугандар, "Гансидеги" менин медиктериме тамак-аш алып келбей эле койсоңор. Тамак бар, жетиштүү. Бизге азыр тез арада дары-дармек керек. Ким жардам берем десе, колдон келишинче алып берсеңер. Бизге акча бербегиле. Дүң сатуучу фирмаларда арзан болот", — деп кайрылды Жумабеков.

Дарыгер алып келүүнү сураган медициналык каражаттар:

Шприц 5,0 мл — 10 000 даана;

Шприц 10,0 мл — 1000 даана;

Физиологиялык аралашма (Физраствор) — 1 000 даана;

Гепарин 1,0 — 100 коробка;

Эуфиллин — 100 коробка;

Кан куюу системасы — 5 000 даана.

Урматтуу туугандар Гансидеги менин медиктериме тамак аш алып келбей эле койсонор. Тамак бар жетиштуу .Ушуга чейин тамак...

Опубликовано Сабырбеком Джумабековым Понедельник, 6 июля 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости