www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын кайгуул кызматкерлери киши өлтүрүүгө шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-июлунда болжол менен саат 09:02 чамасында Бишкек шаардык ИИББнин “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын кичи райондорунун биринде атасы сабап койгон кыздын денеси муздак жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери менен Октябрь районунун ИИБнин кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2005-жылы туулган А.А. аттуу кыз алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгондугу аныкталган.
Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кылмыш изи сууй электе Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган Б.С. аттуу кыздын атасы кармалып, Октябрь районунун Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Бул факт боюнча Октябрь районунун ИИБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Булак: NazarNews.kg