www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы, мурунку спикерлер шайлоодо кимди колдошот?

Чычкан

Медеткан Шеримкулов

Айла-амал менен тѳѳнүн чокусуна чыгып, чычкан жыл башына келген. Медеткан аксакал да айла-амал менен легендарлуу парламентке спикер болуп келет. Ал президенттикти алуу үчүн «тѳѳлѳргѳ» каршы күрѳшѳм деп жѳѳ калды, жѳѳ калганда да чычкан чычтай жылаӊач калды. Анын негизги себеби чычкан кемирүүчү экендигинде. ЖКда тѳрдүн тѳбѳсүнѳ чыгып, чычкандай бир үйдүн тешигин кемирбей, 500 гектардан жер кемире баштады. Анан туш тарабын кемире берди, кемире берди. «Тѳѳнүн» ѳзүнүн тѳрт аягын кемире баштаганда, тѳбѳсүнѳ чыга албай «тѳѳ мантек» жеди. Ошентип, президентке «тѳѳнүн куйругу жерге тийгенде» жетем деп күтүп жүргѳн. Тѳѳнүн куйругу жерге тийбей койду, бирок президент болууга мыйзамдуу жашы ѳтүп кетти. Учурда куда Аргынбек Малабаев  жетектеген «Улуу журт» партиясына дем күч бере баштады.

Кредосу

Бекер эт капканда гана болот.

Рейтинги

Чычкандын рейтинги чычкандай эле болот да.

Электораты

Коммунисттердин кѳпчүлүгү терисин тескери жамынып кетишип, колдой тургандар деле калбай калды.

Уй

Дастанбек Жумабеков

Уй сүттүү болсо жакшы эмеспи. Бул уйдун сүтү жок болгону аз келгенсип, саап коёр замат тышкы карыз үчүн тытып кетип жатышат. Уйду байытууга Атамбаевдин эмгеги зор. Кытай тарапты  кактап эмип, карызга кекиртектен батырып кеткен. Уйдан таптакыр сүт чыкпайт дешке болбойт. Сүт чыгат, бирок «сүт эмүүчүлѳр» -депутаттар курсагын сылап бир тойгудай сүтү жок. Дайыма чала тоют болгон «сүт эмүүчүлѳр» уйга канааттанбай калышат. Зилалиев сымаал Дастан Жумабековдун багы Атамбаев ажо болгондон баштап ачылган. “Балашкалар” кѳтѳрмѳлѳгѳндү сүйгѳн шефи, акесинин аркасы менен ЖКга депутат кылып алып келип, 2017-жылы элдин оозун ачырып спикер кылган. Бечара уйду азыркы бийлик да саап турушкандай, ошондуктан бийлик тарапка ыктап, Таластан добуш талашаар Бабановго муштумун кезеп турат, кантсе да каратэден кара поясы бар да.

Кредосу

“Жаман уй жайытын бир күндѳ түгѳтѳт,

“Якшы” уй калктан сүтүн үнѳмдѳйт”.

Рейтинги

Акчасы стабилдүү, рейтинги дестабилдүү.

Электораты

Таластын сүрөрмандарынын Бабановдон арткандары.

Барс

Чыныбай Турсунбеков

Барс убагында арстанга каршы айбат кѳрсѳтүп, президенттикке талапкер боло тургандыгы үчүн, бийликтен колдоо тапкан эмес. Кийинки бийликтин арстандары да аны бийликке жакын жолотушпады. Анткени барс алардай эле, ѳзүндөй адамды эч ким жанына жакын жолотпойт эмеспи. Атамбаевдин учурунда чолпон жылдыздай жанып, СДПКга  минген боюнча жиги билинбей кеткен. СДПКны жетелеп жүрүп, спикерге жеткен.

Кредосу

Жакшы жолборстун чабыты алыста.

Рейтинги

Мурдунан жетелешип жүргөн Атамбаевге салыштырганда шкаласы ѳйдѳ, ылдый  жылып турат. Азыр СДПКдан башка партия таппай ордунда токтоп тургандай.

Электораты

Теңир-Тоонун “ун сүйүүчүлөрү”.

Коён

Айтибай Тагаев

Оёндордун учурунда спикер болгон коён, коён боюнча келип, коён боюнча кетти. ЖКга чейин «тоо бузар» атка конуп тоо бузуп кѳнгѳн Тагаев мыйзамдын тоосун бузууга даай алган жок. Учурунда бийликке спикер болуш үчүн Итибай-Чотубайлардай коёндор керек болчу. Мадумаров жаӊгак менен оӊкосунан сайылган соӊ спикерге жылаӊач келген, ошол бойдон жылаңач кетти.

Кредосу

Корксо да коён кызматынан кол жууйт,

Коркпосо да коён кызматынан кол жууйт.

Рейтинги

Коёнго рейтингди суутуп коюптурбу.

Электораты

«Тоо сатарлар» партиясы.

Ажыдар

Адахам Мадумаров

Кыргыз элинин энчисин оп тарткан ажыдарларды биздин эр жүрѳк эл кубалап чыкты. Бул ажыдар ошол учуруда канат бүтүп, иштебеген мансаптуу кызматы деле калган жок. Бирок, бир да ишинен жыйынтык чыгарган жок. Акаев заманында ѳзү айтып жүргѳндѳй «араба тарткан ат да» болду. Азоо айгыр сымаал ѳз билгенин бербеген адамга кийинки бийлик бир бучкагын чойдурмак беле. Аны «ветеринардык обработкадан» ѳткѳрүп, оозун ноктолоп, мойнуна жүгѳн, колуна кишен салып, курсагын кынжыйтып басмайыл тартып, ээрди токуп минип алышты эле, түзүк эле күлүк ажыдар “кѳлүккѳ” айланган, «ѳйдѳ кетсе ѳгүз ѳлбѳсүн» деп кѳмѳлдүрүк тартып, «ылдый кетсе араба сынбасын» деп куюшкан тартып, эки тизгин, бир чылбырын бекем уучтап, камчылай турган болсо, кашаӊдыгына карабай «лѳкүлдѳп» чуркап кызмат кылып берди. Аны жаңгактын чыры менен спикерликтен кетиришкен. Аргамжысынан бошогон аттай алыста жүргѳнү менен, бийлик укуругу аны улам-улам башына тийип,  ажыдар келечегин күтүп комдонуп жатат.

Кредосу

Каруумду казык кылам,

Элдин мүлкүн азык кылам.

Рейтинги

Мансапта турганда караганда, ажыдар мансабы жокто буудай кууруган тили менен рейтингин кѳтѳрүп алат.

Электораты

Авторитардык бийликти калыбына келтирүүнү самагандар толук колдошот.

Жылан

Мукар Чолпонбаев

Шарттуубу же «шарты жок» рефлексби, Акаевдин заманын эстегенде, жылан чаккандай эсибиз оойт. Талгарбекову талтайып, жѳн турган колхоз-совхоздор «оомийн» болушту. Эми кооператив деп калыбына келтире албай турабыз.Чолпондой жанган Чолпонбаев колхоз үчүн кырынан жатып берсе, элдин алкоосун алмак. Элдин алкоосун алгандан кѳрѳ Акаевдин алкышын алган жакшы эмес беле ал мезгилде.

Кредосу

Ак койлуу катын куйрук жейт,

Ак үйлүү  спикер буйрук жейт.

Рейтинги

Жарыгы жок электр эсептегичтей нѳлдү карап турат.

Электораты

Болгон…

Жылкы

Акматбек Келдибеков

Алайдан Алымбек датка сыяктуу  «Ат качырбас боз айгыр» чыккан. Ал атынын башын Коконго бурса, кокондуктарды коколоп, Бухарага бурса, букаралыктарды мукуратып, чүрчүткѳ бурса. чүрчүттѳрдү үркүтүп, уйгурга бурса, уйгурларды уйпалап  турган. 2010-жылы жалтанбай кыргыз -өзбек кармашында ынтымак үчүн күрөшүп, жан досу  Улукбек Ормоновдун кайын-журтуна  «Ормон опуза» кылып, уйгурларга ыдык кѳрсѳтүп жаткандар бар. Жылкынын жылдызы азыр жанып турган чак. «Тулпар тушунда» - дейт, саяпкери жарашкан күлүк, кокус аламан байгеге түшѳ турган болсо жакшы  орунду алып келет. Аламан байгеге сала турган болсо, алдына күлүк салдырбайт. Бир гана бул шайлоодо азыркы кулун-тайлар жетилип калды, тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ал эми мурунку ат чабышка түшкѳн күлүктѳрдү тебелеп, жанчып кетет. Акматбек мырзанын жылы да жылкы, болгондо да алтымыш жылда бир келген «огненный» жылкы, «ѳрт жылкылар» бийликке келсе ѳлкѳ ѳрттѳй ѳѳрчүйт.

Кредосу

Ат-адамдын канаты,

Спикер-бийликтин канаты.

Рейтинги

Мамлекетибизде рейтинги эӊ жогору эки киши болсо, бири.

Электораты

Бир  облуста эле 120 миӊдей шайлоочусу бар экенин көрсөткөн.

Кой

Таштанбек Акматов

«Кой оозуна чѳп салбаган» жоош спикер Акматов аксакал партиянын буйругу менен чабандыктан түз эле бийликтин чокусуна келет. Ал мезгилде президент жок, биринчи секретарды чет мамлекет тааныбай, спикерди гана президент сыяктуу сезчү.Тезегин жүктѳп кѳчүп кѳнүп калган Таштакебиз, борборго бир  ЗИЛге толтура тезек жүктѳй келген дешет. Аны катып койсо, кийин кереги тийип калмак экен. «Жамбаштап жатып» кѳнүп калган аксакал орундукка отура албай, кѳнүп баратканда кызматынан алып салышпадыбы. Аны Баатыр кылбаган адам калбай калды, Брежнев менен Андропов Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры кылышты эле. Атамбаев да бир баатырды бере кетти. Негизи жалгыз –үч жолку Баатыр-спикер.

Кредосу

Кой аксагы менен миӊ.

Рейтинги

Чабандардын арасында абдан жогору.

Электораты

«Ѳйдѳ учтуӊ илек-илек» дегендей, ѳйдѳ учуп келген кесиптеши менен сыймыктанган фермерлер колдошот.

Маймыл

Алмамбет Матубраимов

«Ачыбаган камырдай болуп» ачыла бербеген, сыры элге белгисиз маймылдар кѳп.Алмамбет мырза ачык айтат, ошондуктан бийликке жакпай келет. Акаевдин убагында ал атка минерлердин бири болгону чын. Ал эмес ѳӊгүрѳтүп ѳкмөттү да бир-аз башкарып жиберди. Бирок, бетке айтмасы кармап кетип,ушул күнгө чейин бийликте чийилип калган. Дарвин акебиз дарактан түшкѳн маймылдын тукумдарыбыз деп, дарегибиздин дайынын ачып кетти. Кээ бирлер  сакалын сылап үйдѳ отура бербей,  бийлик дегенде ак эткенден, так этишет. «Абийир кодексинин» да абийирин кетирип бүтүрүшкѳн, ал эми Алмамбет мырза талапкерлик мандат менен бийликти чекеге уруп таштап кете берет.

Кредосу

Маймылдар келет, кетет, а кыргыз эли кала берет.

Рейтинги

Салмагы сайдын ташындай болгону менен, рейтингинин салмагы жеӊил.

Электораты

Маймылдын тукумунан жаралганбыз дегендердин бакиси колдойт. Кудайдын буйругу менен жаралгандар каршы чыгат.

Короз

Ѳмүрбек Текебаев

Кѳп жылдардан бери короз, ѳзүнүн короздук милдетин аткарып келатат. Элдин бары уктап атса, ал кыйкырып ойготуп, бийликти да ойготкусу келет. Бийлик корозду тоготмок беле. Кээ бир Атамбаевге окшогондор корозду да кармап туруп, “темир тордун” артына уктатып салат. Короз жалгыз кыйкырып жүрѳ берет. Бирок, негедир чечүүчү учурларда короздун үнү бүтүп калат.  1995, 2000, 2005-жылы президенттик шайлоодо биринчиликти тартырып жиберсе, 2007-жылга чейин тынбай депутат болгону менен, ал жылы парламенттик шайлоодо чалып салышты, 2009-жылы президенттик шайлоодо короздун сексуалдуу «тоок сүйүүсү» ойгонуп кетти, 2010-жылы, 2015-жылы парламенттик шайлоодо ѳлбѳ жаным ѳлбѳлѳп 5-7 пайыздык чектен ѳттү. Ал эми 2011-жылы президенттик шайлоодо түшүнѳн чоочугансып Атамбаев үчүн талапкердигин алып салды. 2017-жылы “темир тордо” жатты. Эми болсо, партиянын бир бучкагын чоюп, Шыкмаматовду кѳрсѳ эле кыжыры келип, жаткыра чабат.

Кредосу

Шайлоо жокто ашынам,

Шайлоо барда жашынам,

Рейтинги

Шайлоо убагында нѳлдү карап, шайлоо бүткѳндѳ кѳтѳрүлѳт.

Электораты

Электоратынын деми сууп баратат.

Ит

Алтай Бѳрүбаев

Акаевдик заманды коргоп жүргѳн иттей жакшы адам. «Бѳрү баласы ит болбойт» -дешип 2005-жылы шайлоодо кѳтѳрүп чабышкан. Иттей жакшы кѳргѳн Акаеви иттей ылдамдыка качып, иттей коргогон Бѳрүбаев, бѳркүн жамына жашынган бойдон жаамы журтка кѳрүнѳ элек. Же иттей жакшы кѳргѳн жүз граммынан чыкпай жүрѳбү?

Кредосу

Ит-адамдын досу,

Бѳрү –бийликтин «хвосту».

Рейтинги

«Музоо кезинде эле сүздүрүп» койгон.

Электораты

Стакандаштары.

Чочко

Зайнидин Курманов

Бул чочко канайым менен МЧСтин аркасы менен бийликке келген. Аны заказ менен алыска узатып коюшса да «доӊуз коопсун» деп, ооз ачпай, кызмат тепкичинен кѳтѳрүлгөн. Германияга жашыруун  барып, рейхстагга кирип ырымдап Адольф Гитлер отурган орундукка чалкалап бир отурган имиш. Кокуй күн, миллиондордун башын жуткан Гитлердин «креслосуна» отурган, «котур ташын койнуна катып» жүргѳн бул доӊуздан эмнелерди күтсѳ болот? Чочконун оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуучу, жыгылгандарды токолдун балдарына теӊеп, «атамбаевчилерди» кудайдын чүчкүрүгүнѳн жаралган байбиченин балдарына теӊеп, текебердик кылуучу. Кана эми ошол заман?

Кредосу

Бийлик келет, кетет, а Зайнидин Курманов калат.

Рейтинги

Экс-канайымдын рейтингине барабар.

Электораты

Бийликтеги байбиченин балдары эле.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости