www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Урматтуу "Майдан KG" газетасынын жамааты, сиздердин карманып жаткан саясатыңарды мен жактырып, өзүңөргө өз ой-пикиримди жазууну чечтим. Мен, Абдырашитов Качкын, 76 жаштагы пенсионер, Ысык - Көл областынын Тоң районунан болом. Менин айтайын деген оюм, Кара-Суу районунан чыккан Матраимовдор тууралуу болмок.

Өзүңөр билесиздер Кара-Суу району Республикада калкынын саны боюнча эң чоң район. Ошонун ичинде 80 - 85% өзбек туугандар. Мен Ошто 15 жылга жакын иштеп келген адаммын. Демек, ал туугандардын бизге, кыргыздарга кандай мамиле кылаарын өз көзүм менен билем жана көргөм. Акчалуу орундарды эзели кыргыздарга ыраа көрүшпөйт. Ошондой шартта Матраимовдордун суурулуп чыгып: бирөө райондун акими, бирөө салык инспекция кызматкери, бирөө бажыда, бирөө көрүнүктүү бизнесмен, бирөө Жогорку Кеңеште депутат, бирөө ГКНБда кызматкер, айтор алты-жети бир тууган династиясы мамлекеттик көрүнүктүү кызматкерлер!! Мындай балдар ар бир үй-бүлөөдөн эле чыга бербейт!

Биз мындай жигиттерди, биз кыргыздар, эки колдоп колдошубуз керек. Анын ордуна көралбастык, ичи тарлык, ушак айың кылып, буттарынан ылдый тартып, колубуздан келсе-келбесе да бир жаманатты кылып калбашыбыз керек. Мен ишенем - Матраимовдорду жамандагандардын колунан эч нерсе келбейт! Анткени бул үй-бүлөнү Аллах өзү колдогон үй бүлө! Ылайым Аллах өзү колдоп  жүрө берсин!. Булардын "ата-энеси өз убагында туура тарбия, билим берген ата-эне болуш керек" деп ойлойм. Болбосо он чакты бала бир үй-булөдөн оңой-олтоң эле чыга бербейт.

Бир үй-бүлөөдөн биздин Тоң районунан он бир балалуу Түкөшүвдөрдүн үй-бүлөсүнөн жети баласы Союздун убагында, андан кийинки убакта да райкомдун биринчи секратарлары чыккан. Облустун губернатору болушкан. Мындай династиялар билимдүү, тарбиялуу үй-бүлөдөн гана чыгат. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү Матраимовдорду көралбастык кылбай, колдойлу. Көтөрөлү.

Эгер Матраимовдор быйылкы депутаттык шайлоого барышса мен Ысык-Көлдүктөрдү аркы өйүз - берки өйүзү, север-юг менен жүгүрүп, агитация, пропаганда кылганга сөз берем!

Кыргыздар, келгиле, колунан келген балдарыбызды көралбастык кылбай, аларды колдойлу!!

Абдырашитов Качкын, Тоң району, Төрт-Күл айылы

Таранчиев - 17

Тел: 0700 03 81 40,0779 03 81 42

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости