www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн өткөн сайын Бакиевдин доору менен Атамбаевдин доорун салыштыргандар арбып барат. Соц тармактарда Кыргызский Каддафи аттуу интернет колдонуучу өзүнүн оюн төмндөгүчө билдирип:

"Азыркы жегендердин алдында Бакиев "орозо" кармаган экен. Ичпей- жебей тышкы карызды кыскарткан, экономикалык өсүш жасаган"- деп талкууга жем таштаган.

Дагы бир колдонуучу Таир Акматов: "Жебеген жердин түбүндө" деген сөз бар. Жептир, бирок, Кыргызстандын сырткы карызын төлөп кутултту! Кийинкилер эмне кылды? анык эле элдин акчасын жеп, өлкөбүздү 4 миллиардан ашуун карызга батырып койду. Эмнеге аны эч ким эске албайт?

Анарбай Мукешов деген интернет колдонуучу: "Жаманды көрмөйүнчө, жакшынын кадырын билбейсиң" дегендей азыркылардын жеген-ичкендерин окуп отуруп  туура дейсиң!- деген өңүттө пикирлерди калтырышкан.

Чынында эле ким эл үчүн кандай иштеп бергенине тарых өзү тараза. А сиздин пикириңиз кандай окурман? Кайсыл президент эл үчүн эмгекти чын дилден кылды? Ой бөлүшөбүз.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости