www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне кылуу керек?..

Редакциядан: Коомдо өзгөрүү болордо, элде изденүү болот. Азыр ошондой мезгил. Кыргыз коомчулугунда өткөнгө сарасеп салып, келечек жөнүндө ой калчаган замандаштарыбыз арбын. “Назар Ньюс” маалымат агенттиги азыркы абалдан  канткенде туура жол таап чыгабыз деген маселенин тегерегинде “Эмне кылуу керек?” аталышында аналитикалык макалаларга сынак жарыялайт. Сынакка деген белги коюлуп, көлөмү 5 беттен ашпоого тийиш.  Сынактын жыйынтыгы 2018 –жылдын аягында чыгарылат жана жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылат.

Алгачкы дың жарып, чыйыр салган макала катары бүгүн Кадыр Кошалиевдин “Элди жол бириктирет”-аталышындагы эмгегин жарыялайбыз 

ЭЛДИ ЖОЛ БИРИКТИРЕТ!

Жол багытыбыз “Көч бара бара түзөлөт” –деген кыттай уюган бир ооз сөздө катылган. Кут даарыган айкөлдуктүн даңгыр жолу-Кыргыз философиясынын түбүн тереңдетип, чабытын кеңейтип турат. Өзүбуздүн улуттук жолубузга эртерээк түшуп, коом түзүү жана эл башкаруу тажырыйбабызды заманбап иштеп чыгып, жалпы адамзаттык илимий-техникалык, руханий-материалдык жетишкендиктердин үлгүлөрүнүн бизге ылайыктуусун гана ыктуу пайдалануу түпкү максатка төп келет.

Кыргыздар –өзүнүн дүйнөтаанымы, философиясы, тарыхы, каада-салты, керемет тили, кайталангыс дөөлөт мурастары, таза дили, аруу жан дүйнөсү менен айрымаланган; адамгерчиликти, акыйкаттыкты,  калыстыкты, адептүүлүктү, абийирди, ар намысты ыйык туткан; кубаттуу империя курган; эзелтен жазуу маданиятына ээ, эркин коому, нарктуу демократиясы болгон; өзүнө гана таандык көчмөн цивлизациясын түзгөн жана өнүктүргөн Евроазия мейкиндигинде ат ойноткон баатыр, айкөл эл болгон.

Мыйзамдарды мындай койгондо да, Баш мыйзамдын кайсы беренесинде эмне жазылгандыгын бары эле биле бербейт. Ал эми кылымдарды карытып,  доорлордун ар кандай капшабынан аман алып өтүүдө карманар мамы, тайгак кечүү, тар жолдо тирек болгон кыргыз элинин төмөнкү жети руханий беренелери улуттук ынтымак-биримдикти бекемдөөдө, улуттук идеологияны түптөөдө зор мааниси бар асыл ой тундурмалары катары  карасак болот.

Ар-намысты туу тутуу! Кенен түшүнүктү камтыган ар бир адамдын, үй бүлөнүн, жамааттын, туугандардын, уруунун, аймактын жана да жалпы эле элдин ариет-намысы менен байланышкан эң ыйык,  улуттук-мекенчилдик сезим. Улуттук ар-намыс болгон жерде элдин духу, деми өчпөйт. Бул асыл мүдөө “Уят” маселеси менен өтө тыкыс байланышта.”Коенду камыш, эрди намыс өлтүрөт”. Ариет-намыс маселеси - ар бир адамдын  жаралгандагы озуйпасы, үй бүлө, эл, мекен, мамлекет алдындагы атуулдук сүйүүсү, жоопкерчилиги жөнүндөгү  түптүү түшүнүктөр менен терең айкалышат. Кыргыз элинин түшүнүгүндө намыс жана ариеттин  кунар баасы адам өмүрүнөн кымбат бааланат.

“Ырыс алды –ынтымак” даанышмандыгы. Бакыт башаты-биримдикте, ийгилик сыры-ынтымакта экенин жакшы түшүнүшкөн кыргыздар бири биринин абалын, муктаждыгын, бир максатка умтулууларын атайын айттырбай, сурантпай, өтүнтпөй эле мүдөө-тилектерди абдан мыкты түшүнө билгендиктен, “Жабыла көтөргөн жүк жеңил”дешип, заматта бир муштумдай бириге калышып, ар кандай сыноолорду ынтымак менен жеңишкен. Ынтымакка жетүүдө ич ара таза мамиле, элдик кызыкчылык, адилеттүүлүк, кайрымдуулук, калыстык өндүү маселелер эң башкы мааниге ээ болгон. Бир багыттуу  кыймыл-аракетке өтүү,  түпкү максатка жетүү -кепке келүүдөн башталып, талкуулар, кеңешүүлөр, түшүнүшүүлөр аркылуу  ийгиликтүү ишке ашырылган. Чыныгы ынтымак-биримдикке келүү үчүн багыт, максат жана карманган баалуулуктар бирдей же жакын болгондо ар ким ар тарапка тартпай бир багыттуу өнүгүүгө жол ачылат.

Адамдык сапат, сыпат жана сый-урмат. Азыркыча илимий тилде алганда “Этика” деп аталган, адамдык сапат жана сыпатты аныктаган, жан дүйнө ажарын ачкан асылдык. Адамдык парасаттан, адеп-ыймандан  келип чыккан “Улууга -урмат, кичүүгө -ызат”түшүнүгү сый мамилени жаратып, ийгиликтин ачкычы болуп келген. Адамдагы чексиз мүмкүнчүлүктөр, руханий негиздеги адамгерчилик сапаттар тогошуп келип, кыргыздын Айкөлдүк түшүнүгүнө уюган. Сый-урмат жана сыпат  маселеси элдин пейили  менен байланышкан көрүнүш. Адамдык мамиле майдадан башталып, бирок да маанилүү иштерди бүтүрүүгө жөндөмдүү  улуу күч экендигин  кыргыздар жакшы түшүнгөн.

Акыйкаттык, адилеттик, калыстык! Булар коом менен жеке адамдын ортосундагы карым катышты камсыздап турган түбөлүктүү таяныч-устундар.”Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”.”Кара кылды как жарган калыс бол”-дейт ата бабалардын алтынга алмашкыс насаат кеби. Коомдо акыйкаттык, адилеттик, калыстык сакталбаса ырааттуулукка доо кетип, көч бузулат.

Ак эмгек, маңдай тер менен жашоо. Адам баласынын татыктуу  жашоо-турмушу, жыргалчылыгы  ак эмгекке байланыштуу.”Эмгегиң катуу болсо, татканың таттуу болот.” “Эр эмгегин жер жебейт”. Маңдай тер менен табылган илимий, руханий, материалдык байлыктар- жугумдуу да, татымдуу да болот. Учурда ак эмгек аркылуу акыбетке жетүү үчүн терең билимге ээ болуу, кесипкөйлүк жана чеберчилик заман талабына айланды.

“Бата менен эл көгөрөт”...адал-арам, убал-сооп түшүнүктөрү.

Бардык жакшы иштерди кыргыздар бата менен баштаган.”Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт”. Батанын тескери капшыты каргыш, андан Кудай сактасын. Айла кеткенде, жетесиздерге карайлагандагы (кара) тескери бата берилүүчү. Кыргызчылыкта уурулук, кыянатчылык, арам тамактык, ушакчылык, көралбастык, оройлук - кусурлуу, түбү убайымга салар, убалы тынч койбогон,  каскактуу арам иштер катары бааланат.

Ал эми жылуу сөздөн, илбериңки алакадан баштап, жандуу-жансызга тегиз мамиле, жардыга жардамдашуу, бей-бечараны колдоо, алсызды коргоо, элдин керегине жароо аркылуу адал –арамды, ак-караны, убал-соопту таасын ажырата билүү сырттандыктын, улуулуктун  белгиси катары бааланат.

Улуулукка умтулуу...”Жакшыга жанаш, жамандан адаш.”“Бир кумалак бир карын майды чиритет.” –дешип  кыргыздар  өздөрү жашаган коомду алпейим таза сактоого дилгир болушкан. “Эки адамдын достугу эгиз, эки элдин достугу деңиз”-дешип жанаша жашаган элдер менен ачык айрым алакада өмүр кечиришкен. Кыргыз турмушунда үй бүлөнүн жана жамааттын ролу өзгөчө болгондуктан, жолу улуулук философиясына ылайык, кичүү-орто-улуу муундун ортосунда бекем үзүлгүс байланыш сакталып, элдик таалим тарбиянын мектеби болгон.”Караңгыда көз тапкан, Капилеттен сөз тапкан,” улуу муундун Бакай бабадай билги, даанышман, көсөм аксакалдары жол көрсөтүшкөн.Терс сапаттардан оолак болууга, жамандан адашып, жакшыга жанашууга, кең пейилдикке, адам болууга, улуулукка умтулууга үндөшкөн. Ар качандан бир качан чоң жоопкерчилик орто муунда болгон. Кичүү муунду көтөрө чалып мактап, билбегенин үйрөтүп, ээрчитип жүрүп тарбиялашкан.

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН НАРКТУУ ЖАШОО ЭРЕЖЕЛЕРИНЕН: -Кыргыздын теги түптүү! -Хан бийлигинен -нарк күчтүү! – Баш кийимди бийик кой. – Баланы башка урба. – Атты башка чапба. – Күл дөбөнү баспа. -Кесирлик кылба. -Адамды аттаба. –Кыркы чыга элек баланы көрсөтпө -Бешикти куру терметпе – Акты сатпа (азыр сата башташты). – Өзүңдөн улууга каяша айтпа. -Акылмандын кебин тыңша. -Үйдүн ээси- аталар, -Үй бүлө куту -энелер. -Атанын салган жолу бар, -Эненин бычкан тону бар! – Ата-энени урматта! -Шамда уктаба. -Түндөсү тырмак алба. -Босогодо турба. -Колунду төбөңө алба. -Бөйрөгүңдү таянба. -Укпайт деп ушак айтпа, -Көрбөйт деп уурулук кылба! -Душманга колтугунду ачпа, -Мекенди көздүн карегиндей сакта! -Баарын койуп Манасты айт! -Түркөй болбой айкөлдүккө кайт! -Билеги күчтүү -бирди жыгат. -Билими күчтүү-миңди жыгат. -Билермандын иши алга жылат. -Билим ал! -Ак- караны, ажырата бил. – Булакты көрсөң көзүн ач. -Жетим-жесирге каралаш. -Эл менен жер киндиктеш. -Жер энеге акаарат келтирбе. -Сууга түкүрбө. -Чөптүн да убалы бар -Убал-соопту биле жүр! -Жаман жолго барба, Абийириди жашыңдан сакта! -Уят-намыстуу бол! Тарга тар, кеңге кең дүнүйө. -Пейилди кенен кой. -Напсини тый. -Аманатка кыянат кылба. -Элдин акын жебе. -Атаңа наалат келтирбе! -Барга-жокко каниет кыл. -Топуктуу бол! -Сабырдын түбү сары алтын. -Касиетиңди карман. -Илимден адеп улук. -Адам бол! -Керсейип бой көтөрбө. -Сөөмөй менен кезебе. -Менменсинбе,элден чыкпа. -Күч бирдикте! -Бала төрөлгөндө сүйүнчү берет. -Жаңы басканда ак жол тилеп, тушоосун кесет. -Ата-эне балдарына энчи бөлөт. -Жети атасын билбегенди кул дейт. -Тегиңди бил! -Кумурскага да бейчээки зыяның тийгизбе. -Колуңдан келсе ажаат ач! -Сөздү уккан жерге сүйлө. -Бирөөнүң үстүнөн мыскылдап күлбө. -Алсыздарды кордобо. -Жамандын жолун жолдобо. -Түз жүр! - Аял киши куралга кол тийгизбейт, - эркектен озунуп баспайт. -Купуя тилек ар кимге айтылбайт. -Түштүн башы тоодой, мойну кылдай, кандай жоорусаң ошондой болот. -Жигиттик намыс, кыздык абийир өлүмдөн өйдө турат. -Устатына шакирти каршы чыкбайт. -Жалган айткан жарыбайт. -Кеп чынынан бузулбайт. -Турмуш туткасы-адилеттик! – Чакыруусуз өзү келген конокту кудайы конок дейт. – Үйгө келген кишини «келиңиз, нан ооз тийиңиз» дейт. – Үйдөн жылан чыкса өлтүрбөйт, ак чачып чыгарат. – Алыс жолдон келген кишинин башынан тегеретип суу чачат. -Жаңы келген келиндин оозуна май салат. – Тажыяга баратып башка иш жасабайт. -Өлгөн кишини жамандабайт. – Атчан киши жөөгө салам берет. -Жеке адамга караганда элдин жолу улуу болот. -Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок. -Чатакташа кетсе, биринчи кечиримди кичүүсү сурайт. – Төргө аксакал же жолу улуу адам олтурат. –Устукан улуулата, же жолу улуулата тартылат. -Жол улуу, жөн билги ,сөз билги адам бата берет... ж.б

Элденалып, элгеберели.  Жараткандынкөзүтүзболуп,келкелибизкелсин! Жан дүйнөбүзаруулансын! Ынтымак - биримдигибизбекемделсин! Кыргызкөчүбайсалдууулансын!

Эскертүү: Жамаатык эмгектин үзүрү болгон “Өнүгүүнүн кыргыз жолу” багыттамаларынын негизинде даярдалды

Көчтү түздөө үчүн кандай кадамдар талап кылынат?

1.Элдүүлүктү сактаган улуттук өзгөчөлүктүн түптүү негиздерин (тарых, дүйнөтааным, маданият, тил, Манас, каада-салт, өнөр ж.б.) бекем кармануу менен адилетттик, калыстык, эмгек аркылуу бакубат жашоого жетишүү; 2.Элдин духун көтөрүп, ар намысын ойготкон мекенчил нуктагы ырааттуу идеологиялык иштерди колго алуу; 3. Элдик бийликти жана адилеттикти орнотуу максатында Улуттук Конституцияны кабыл алуу жана Курултай институтун мыйзамдаштыруу;

4.Экономиканы көтөрүүдө жер-суу байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга, жумуш орундарын түзүүгө, илимий-технкалык прогресске, ойлоп табуучулукка, жашоо- турмушту жеңилдетүүчү жаратман жагдайларга маани берүү; 5. Билим берүү тармагын заманбап жанылап, илимий педагогика менен элдик таалим -тарбиянын өрнөктүү үлгүлөрүн айкалыштуруу; Жазалоого эле эмес, тарбиялоого маани берүү; 6.Руханий-материалдык тең салмактуулукка жетишүү, саламатттыкты сактоонун жаңы программасын иштеп чыгуу; 7.”Күч бирдикте. Ырыс алды –ынтымак.” Улуттук биримдикке келүү жана эл менен бийликтин ортосунда иштиктүү байланышты бекемдөө; 8. Руханий принциптерден тайбоо, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген ар кандай радикализмге жана сепаратизмге жол бербөө; 9.Кыргызстан суунун башы, мөңгүлөрдүн өлкөсү, таза экологиялык чөлкөм катары жаңжалсыз аймак статусун алып, дүйнө элдери менен тынчтыкта, боордоштукта жанаша жашоо-учурдун уңгулуу, заманбап маселелерине айланды.

Кадыр Кошалиев       “Кыргыз жолу” руханий коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости