www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баалар тескелет. Финпол кардарлар үчүн номуру менен бөлүштү

Бүгүнкү күндөн тартып монополиялык тескөө режими ишке кире баштады. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги негизги азык-түлкүтөргө болгон бааны аныктайт жана аны көзөмөлдөйт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Негизги тизмеге 11 азык-түлүк киргизилген. Бул товарлардын бааларына аталган орган мониторинг, талдоо жүргүзөт. Ал эми чайкоочуларга карата эң катаал чаралар көрүлөт, - дейт өкмөт башчы.

“Антимонополия ар бир азык-түлүктүн баасын аныктайт. Ошол эле ун, шекер, өсүмдүк майы кайсыл аймакта кандай баада сатылып жаткандыгы боюнча көзөмөл жүргүзүшөт. Бааны негизсиз көтөргөндөр жоопкерчиликке тартылат. Бул боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол), ИИМ жана башка тийиштүү кызматтарга тапшырма берилди”, - дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан сырткары, премьер-министр жарандарды бааларды көзөмөлдөөдө активдүү болууга чакырды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) болсо кыргызстандыктар чайкоочулардын мыйзамсыз иш аракеттери боюнча 0312-32-30-91 жана 0312-32-37-07 телефон номурларына кайрылса боло тургандыгын билдиришти.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости