www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кимдин-кимдин заманы, Жумабековдордун заманы” болду. Дамир Жумабеков жулунуп келатат. Бишкектин спорт мейкиндигин же илгерки Аскар Салымбековдун ордун Дамир Жумабеков алды. Баса, Аскар Салымбеков ушул жерден көктөп, бизнес бийиктигине “Дордойду” көздөй учкан. Мурунку ачендик Даулет Досалиев бюджеттин акчаларын бөктөрүп кеткени үчүн иши УКМКда каралып жатат. Бишкек шаарынын унаасын жетектеген Болотбек Тезекбаев автобус, троллейбустун шопурлары тезек терип кеткени үчүн кызматынан бошотулган. Атыккан мыкты окшойт, бул орунга Атыканов Нурлан келиптир.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин борборлорунун жана ири шаарлардын ассамблеясынын  биринчи  вице-президенти болуп шайланды. Мындай чечим Москвада  өткөн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин борборлорунун жана ири шаарлардын ассамблеясынын  сессиясында кабыл алынды. Ассамблеянын президенти болуп Нур-Султандын акими Алтай Кулгинов ээлесе, вице-президенттер болуп Орусиянын Мамлекеттик думанын депутаттары Юрий Мищеряков, Евгений Шулепов жана  сенат мүчөсү Ирек Ялалов шайланышты. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин борборлорунун жана ири шаарлардын ассамблеясы тогуз мамлекеттеги  85 борборду, аймактардын борборлорун жана ири шаарлардын башын бириктирет. Бишкек мэриясы 1998-жылдын 3-сентябрынан бул бирикмеге кошулган.

Бакыт Козуев - Жалал-Абад облусунун, Базар-Коргон районунун, Темирболот Абыкеев –Нарын облусунун, Кочкор районунун  акими болуп дайындалды. 

Төмөнкү адамдар судья болуп дайындалды:

Мээрим Жолдошова — Бишкек шаарынын Ленин райондук соту;

Марс Арзиев — Кара-Суу райондук соту:

Данияр Суханбердиев— Жалал-Абад шаардык соту:

Тахмина Тажибаева — Кара-Буура райондук соту;

Убайдулла Сатимкулов, Альгис Шүкүралиев –Ысык-Көл  областтык соту;

Кеңешбек Казаков — Ысык-Көл  райондук соту;

Нурбек Жолбунов — Түп  райондук соту;

Назгүл Жунушева — Ысык-Ата  райондук соту.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости