www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, өткөн жылы жер мыйзамдарын бузуу боюнча 87 кылмыш иши козголду. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда он экиге көп.

2017-жылы жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 423 киши тартип, 45 кызмат адамы административдик жоопко тартылган.

Баасы 3 млрд. 800 млн. сомдон ашык сумманы түзгөн, жалпы аянты 629 гектар 156 жер тилке мамлекетке кайтарылган.

Кыргызстанда айрыкча Чүй облусунда турак жай куруу үчүн тилкелерди жең ичинен бөлүштүрүүнүн кесепетинен жер талаштын аягы азыркыга чейин басылбай келүүдө. Мындай кылмыш иштеринде Жогорку Кеңештин азыркы жана мурунку айрым депутаттарынын аттары да аталган. Учурда миңдеген үй-бүлө "Жер тилкелерин трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүп келатат. Бул мыйзам кабыл алынмайынча алардын жашаган турак жайлары мыйзамсыз жер тилкелерине курулган болуп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости