www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызда «Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт» деген таасын айтылган сөз бар. Ушул сөздүн мааниси Өмүрбек Бабанов аттуу «опоң-чычаң» саясатчы-бизнесменге өлө жарашат да. Кайсыл бийликтин болсо да тилин таап алмай «касиети» бар. Анан ал бийликтин ооматы кача баштаганда Бабанов да акырындык менен алардан алыстап кетет. Ызы-чуу, митинг, революция сыяктуу окуялар болуп өткөндөн кийин эле пайда боло калат.
Өзү муну бизнесмен деп айтуу деле туура эмес. «Рейдер» деп койсок көбүрөөк туура болот. Бирөөлөрдүн даяр бизнестерин тартып алуу менен чириген олигархка айланган. Анан эми ошол байлыктарын сактап калуу үчүн саясатта «опоң-чычаң» ойноп жүрөт.
2017-жылдагы президенттик шайлоодо Он-Адырда өзбек тектүү мекендештерибиздин алдында сепаратисттик сөздөрдү сүйлөп, улуттар аралык жаңжалды козута турган чакырыктарды жасаганы үчүн коркуп качып кеткен эле. Артында 600 миңге чукул шайлоочулары калып калган. Ошончо шайлоочусун сыйлабай таштап кеткен эле. Андан кийин кайра-кайра Кыргызстанга кайтып келе турганын реклама кылып жүрдү. Алтургай бир жолкусунда аэропортко чейин келип, кайра коркконунан аркага кеткен. Анын жакын тарапташтарынын айтымында Бабанов өзү үчүн эмес, байлыктарынан ажырап калуудан коркот.
Ошентип жакында эле болуп өткөн Ак үйдү басып алууда да Бабановдун салымы чоң болду. Ал акчанын күчү менен өзүнүн кичи мекенинен «чала спортиктерди» жыйнап, алып келди. 6-7-8-октябрларда мурдагы президент Атамбаевге кошулуп, ага да шык берип «Сиз кайра президент болосуз, мен премьер болом» деп алдап, Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш менен келишти.
Бийликке жетиш үчүн Бабанов Мадумаров, Сулайманов, Токтогазиев, Жанар Акаев сыяктуу эзели пикири келишпегендер менен да координациялык кеңеш түзүп жиберди.
Ал Кыргызстандын бүтүндүгүн, элибиздин ынтымагын ойлогон жок. Бийликке жетиш үчүн мамлекетибиздин күлүн көккө сапырууга да даяр турду. Эми ушундай ботконун баарын чалып коюп, өзү култуюп бекинип жатат. Эгер элин сүйсө, жерин сүйсө, «катачылык кетирип алдым, күнөөм тоодой болуп калды» деп эл алдында бир кечирим сурап коет эле го. Антпейт. Себеби, Бабанов үчүн кыргыз эли, Кыргызстан түккө арзыбайт.