www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик бала бакчалардын санитардык, гигиеналык абалы текшерилип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын саламаттыгына кам көрүү, коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу багытында атайын комиссия түзүлгөн.
Тийиштүү тармактардан куралган комиссия мүчөлөрү бала бакча жетекчилерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, наристелердин ден соолугуна кылдат мамиле кылууга чакырышты. Күн сайын балдарды кабыл алуудан тартып зарыл болгон эрежелер так сакталууга тийиш.
Комиссия калаадагы 15 жеке менчик бала бакчаларды текшерип чыгат. Мындай текшерүү билим берүү мекемелеринде менчигинин түрүнө карабай жүрөт.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында жеке менчик бала бакчалар шаардык штабдык чечими менен сентябрь айында ишин баштаган болчу.
Булак: NazarNews.kg