www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентке талапкерлер Жээнбеков менен Бабанов теледебатка чыккан мезгилде, Жээнбековдун: “Президент болсом коррупцияны сенден баштайм” –деген сөзүнүн чындыгы бар окшойт.  “Республика” партиясын Мирлан Жээнчороевке өткөзө коюп, Бабанов саясатка киришпейм деп, сырттан акмалап калган. Жээнчороевдин жакшы, жамандары көп, бирок жакында көпчүлүккө каршы жазылган мыйзамга каршы чыккан адам катары, эл оозуна алынды. Бабанов болсо, депутат болбой калса оңбой каларын билет. Анткени, депутат катары кол тийбестиктер каралган. Анын учурунда рейдерлик баскынчылыгынан тышкары мамлекетке төлөй турган салыктардын изин жашырып койгонго “саяпкерчилигин” коомчулук жакшы билет.

Бабановдун жер –жайнаган компанияларынын ичинен бир гана “Манас Интернейшил Сервис”  ЖЧКсында 700 миллион сомдон ашуун каражат жашырылып, салык катары төлөнбөй келатканы, анын капчыгы үчүн гана иштеп жатканынан кабардар кылат.  Бул компаниянын жетекчилигине карата өзгөчө ири суммадагы салыктан качуу фактысы менен мурун эле кылмыш иши козголгон.

Иш тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссиянын тыянагы боюнча  “Манас Интернейшил Сервис”  салык жана бажы  төлөмдөрүнүн шарттарын бузуу менен мамлекетке 723 833 710 сом төлөөдөн качканы аныкталган. Бирок, Бабанов ортого “абдан таасирлүү” адамдарды кыпчый коюп, бул кылмыш иштерин өндүрүштөн алдырып койгон. Ошонун айынан тиешелүү 700 миллион сомдук акча каражаттары мамлекеттин казынасына түшпөй келатат. Бабановдун бул бир гана ишканасы боюнча милдеттүү салыктары, ал эми башка ишканалары канча карыздар экени тууралуу да баяндалат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости