www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кырсыгынын кесепетинен жаракат алып, ооруканада жаткан ырчы Асел Кадырбекованын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу ырчынын жолдошу Нурлан Насип социалдык тармактагы баракчасына жазып, кайрылуу жасады. Анда ал Асел Кадырбекова тууралуу маалымат таратууда этият болууга чакырган.

Эске сала кетсек, 26-июнда Бишкек шаарынын Медеров менен Тыныстанов көчөлөрү кесилишинде эки унаа катуу сүзүшкөнү маалымдалган. Андан болжол менен 3 адам жаракат алып, 1 адам каза болгон.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын ичинде ырчы Асель Кадыбекова да бар экени айтылган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости