www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жол кырсыгы катталып, андан эки жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алды. Маалыматты Патрулдук милициянын басма сөз катчысынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-июнда саат 19:00 чамасында Ж.Абдрахманов көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилишинде катталган.

Анда БМВ үлгүсүндөгү унаа менен Тойота Ист унаасы сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен 2 жаран жаракат алган. Жабыркагандардын бири аял киши. Эки унаа тең айып короосуна токтотулуп, учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Кырсык катталган учур видеобайкоого жазылып калган. Андан бир унаа экинчи унааны сүзүп, андан ары жолдун четиндеги бакты сүзгөнүн көрүүгө болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости