www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-ноябрда өткөн Курултайда "Кумтөр" маселесине абдан чоң көңүл бурулду, Жогорку Кеңештен бул маселе боюнча кайрадан Мамлекеттик комиссия түзүү, бардык келишимдерди денонсациялоо талап кылынды.
"Кумтөр" маселеси көтөрүлгөнүндө негедир Акматбек Келдибеков менен Өмүрбек Бабановдун ысымдары айтылбай келе жатат, менимче бул туура эмес. "Көкөтөйдүн ашы, көп чатактын башы" - демекчи, 2013-жылдан бери алтын кен-байлыгынынын тегерегиндеги ызы-чуунун башаты болуп 2012-жылдын 27-июнундагы Төрага А.Келдибеков кол койгон Жогорку Кеңештин токтому менен ал токтомду ишке ашыруу максатында ошол жылдын 6-июлундагы Премьер-министр Ө.Бабанов тарабынан чыгарылган буйрук, ал буйрукка ылайык Мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү эсептелет десек жаңылбайбыз.
Анткени бул чечимдер 1992-жылдан бери карай келе жаткан жаранын оозун кайра чукуп, көп былыктардын башын ача турганы айдан ачык эле нерсе эле да.
Негизи ошондой эле болду, Бабановдун буйругу менен түзүлгөн комиссия иштей башташы менен "Кумтөр" боюнча төбө чачты тик тургузган жагдайлар ачыла баштап, ал комиссиянын курамына киргизилген Нарис Калчаев сыяктуу жарандык коомдун өкүлөрү аркылуу көптөгөн маалыматтар коомго тарап, коомчулуктун бүйүрү кызып, жалпы кыжырлануу жаратып, акыры келип 2013-жылдагы Жети-Өгуз районундагы нааразычылык акцияларына алып келди да.
Атамбаевдин "Кумтөр" боюнча жеке кызыкчылыктары бар экендигин камакта отурган Өмүрбек Текебаев жакында эле “Азия-ньюс” гезитине берген кеңири маегинде (2018-жылдын 15-ноябры, № 45) ачык эле айтты. Текебаев бул маегинде 2011-жылдан баштап мөңгүлөр талкаланып жатканын, Атамбаевдин убагында “Центерра” 150 млн тоннадан ашык мөңгүнү талкалаганын, ал “мөңгүлөрдү талкалай бергиле” деп “Центеррага” миллиарддаган доллар экономдоп бергенин, шашылыш түрдө Суу кодексине өзгөртүү киргиздирип, эл каршы болгонуна карабай Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун кабыл алып, ал эми Атамбаев инаугурацияга бир нече күн калганда, өзүнүн мөөнөтү бүтүп бара жатканда бул мыйзамга салтанаттуу түрдө кол койгонун айтып жатат. Андан ары гезиттин журналистинин:“...Эмне үчүн Атамбаев кетээр күндөрү шашылыш бул мыйзам долбооруна кол койду? Кол койбой койсо жаңы шайланган президент Жээнбеков деле кол койот эле да...?” – деген суроосуна Текебаев: “... Жээнбековду Кудай өзү сактады. Атамбаев кол койбой, “сен кол кой” десе балким Жээнбеков деле коймок. Бирок, бизнесте өзүнүн эрежеси бар. Алган киши, убада берген киши ишти бүтүрүп, аягына чыгарып кетет. Атамбаевдин бул “Центеррага” берген отчету болду. Ошентип “Центерра” уруксаты жок, квота албай туруп, каалаганча мөңгүлөрдү талкалап жатат” – деп жооп берген.
Мына ушундан улам:
- ошол 2012-жылдын июль-август айларында Төрага Акматбек Келдибеков менен Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун атайын уюштурулган саясий интригалардын шарданы менен кызматтан кетиши;
- 2013-жылы октябрь айында Каптагаевдин барымтага алууну уюштуруу, анын шылтоосу менен нааразычылык митингдери күч менен таркатылышы, көптөгөн адамдардын камалышы, соттолушу, Садыр Жапаровдун камалышы;
- алты жылда Өкмөттүн курамынын 7 жолу алмашышы, анын кесепетинен 2012-жылдагы түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын чыгарган тыянактары эмдигиче каралбай, "Кумтөр" маселеси эмдигиче чечилбей келе жатканы;
- акыры келип кыргыз элинин келечегине кыянаттык кылуу менен мөңгүлөрдү бузууга мыйзам түрүндө уруксаат берилиши, Атамбаевдин ошондой мыйзамга кетерине эки-үч күн калганда кол коюшу;
- Өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан "Күмтөргө" коюлган экологиялык доолордон баш тартылышы, 2017-жылдын август айында алар менен жашыруун келишимге кол коюшу...
мына ушунун баары бир эле максат үчүн - Кумтөргө кол тийгизбей коргоп калуу, Канададагы шылуундарга бул жакта эркин иштөөгө шарт түзүү, ортодогу жеке кызыкчылыктарды коргоо, алардын алдында кандайдыр бир көмүскө милдеттерди аткаруу үчүн жасалган иштерби деген суроо туулат.
Ошондуктан тезинен Мамлекеттик комиссия түзүлүп, ал комиссия убакытты чойбой иштеп чукул арада "Кумтөр" боюнча бардык келишимдерди жокко чыгаруу маселесин чечүүгө милдеттүү. Эл байлыгы элге кайрылып берилсин деген талап бүгүн өтө учурлаш болуп калды деп жазат коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев.
Булак: NazarNews.kg