www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Жусупбекова Надира ЖОЖдордо сабак берген аялдардын жаш курагын чектөөнү (65 жаш) сунуш кылды. Эл өкүлү Зиядин Жамалдинов мектептер менен бала бакчаларда туугандарын алып келип жаткан фактылар болуп жатканына баса белгилеп кетти. Бул сунуш жаш кадрларды тартуу болуп саналат. Билим берүү жана илим министринин орун басары билдиргендей, мурдараак ЖОЖдордун ректорлору үчүн 65 жашка чейинки чектөө коюлуп, бирок мектептер менен бала бакчалардын директорлору бул тизмеге кирбей калган. «Биз аларды да киргизүүнү сунуштап жатабыз», - деди ал.
Жыйындын жүрүшүндө З.Жамалдинов мектептер менен бала бакчалардын директорлору өз кызматтарын пенсия курагына чыкканча ээлеп тура алгандай норманы киргизүүнү сунуштады. Кыргызстанда пенсия курагы деп аялдар үчүн 58 жаш, эркектер үчүн 63 жаш эсептелет.
«Кээде мектептер менен бала бакчалардын директорлору аларга тапшырылган окуу жайларды менчик катары көрүшөт. Айрым мектеп директорлору чынында эле окуу жайды жеке менчик катары эсептеп, пенсияга чыкканда аны мурас катары келинине же туугандарына өткөрүп берип коюшат. Мындай учурлар кездешүүдө», - деди ал.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg