www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тергөө органдары тарабынан Бабановдун же Мырзакматовдун күнөөсү далилденсе, эртеби-кечпи кармалып, жоопкерчиликке тартыла турганын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди. Ал учурда кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жоопкерчиликтен бошотуу беренелери өзгөртүлүп жаткандыктан, сыртка чыгып кеткендер качан болбосун жазага тартылышаарын белгиледи.
Эске сала кетсек, 2017-жылы 4-ноябрда Өмүрбек Бабановго «Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо. Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу» статьялары менен кылмыш иши козголгон. Мырзакматовго болсо Ош шаарынын мэри болуп турганда эстакадалык көпүрөнү курууда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган.
Булак: "Фабула"