www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Айылдашыңыз Догдурбай аксакал дагы "Алмаз мага шаардан үй берем деп убада кылып, кызматка олтургандан кийин антип айткан эмесмин деп танып кетти" деп айткан эле. Ал аксакал "Форумдан" баштап Ак үйгө элди баштап багандардын бири эмес беле. Сиз да ошол сөздү уктуңуз беле?
- Бул сөздү уккам. Атамбаев айылдагы мечитке келип, намазга жыгылганда Догдурбай аксакал "Алмаз, сага айтчу сөзүм бар эле. Үй берем деп айткан сөзүң аткарылабы?" деп айтса. Атамбаев элдин көзүнчө аксакалды катуу урушуп, сөккөнгө чейин барыптыр. Муну ошол жерде болгондор айтышкан. Үйдү революцияга катышпагандар деле албадыбы. Ошол аксакалга бир үйдү берип койсо неге болбосун?! Болот болчу. Мен өзүм аксакалдын колун кысып, коркпой алдыда жүргөн эркек экенсиң деп айткам.
- 2010-жылы апрелде Атамбаев камалыптыр дегенди угуп, айылдаштары топтолуп, бошотобуз деп түштүңөр да. Ал киши элдин күчү менен бошотулду. Бошогон соң силерге келип ыраазы экенин айттыбы?
- Президент болгондо айылга келип, маданият үйүнүн алдында эл менен жолугушту. Мен дагы аксакалдар менен чогуу катышкам. Ошондо Атамбаев аксакалдарга "Эки айдан кийин келип, өзүбүзчө жай олтуруп сүйлөшөбүз" деп кеткен. Ошол менен президенттик мөөнөтү бүтүп кете берди. Келем деген киши келген да жок, өзүбүзчө биз менен жай олтуруп сүйлөшкөн да жок. Жигитче мамиле жасабады. Айткан сөзүнө турбады.
(уландысы бар)
Булак: Жаңы ОРДО