www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов көчмө жыйын уюштура калып, Каракол шаарына барыптыр. Президенттикке талапкерлигин койгон кыраан чечилбей жаткан социалдык темалардан кеп кылган экен. Ушунча келген соң атадаандаштарымдын бирин шыбай кетейин дегенби, айтор, баягы Балыкчы-Корумду жолу боюнча чалмакейди чалгандар жоопко тартылышы керек деп күпүлдөптүр. Жол маселеси боюнча чындап жаны ачып жаткан түр көрсөткөн Өмүке маселе парламенттин жалпы жыйынында талкууланышы зарыл экенин да кошумчалаптыр.

Ошентип, Өмүке койнундагы котур ташынын бирин сууруп чыгып шайлоодогу атаандашы Темир Сариевдин короосуна ыргытты. Анын бул кадамы кечээки 17 млн доллар насыя тууралуу кептерди кыскартууга болгон аракети эмеспи, ыя? Эмнеси болсо да президент болом деген дымагы күч Темике буга чейин көл кылаасын кыдырып чыкты эле, эми “сениби шашпа!” деп эртең Караколду көздөй жөнөбөс бекен?..

Булак: "Эгемен"

Последние новости