www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизди Атамбаев кайда алып баратат ?

Жакында Жогорку сотубуз Окружной суд деп аталып, Кыргыз Республикасы Край аталып орустардын түбөлүк курамына кирип кете турган окшоп калдык. Ишенбесеңер карап көрсөңөр, Коргоо министри жок кайдагы бир генштаб деген пайда болду, эми биздин армияны бир начальник башкарат. Ой эмне эле кылып атат Атамбаев бизди! Орустардын көрсөтмөсү боюнча бул иштер жүрүп жатканын ким билбей жатат айткылачы. Саясий элитаны талкалап, баарын коррупцияга шылтоолоп жок кылганы жатат. Биздин жакшыраак ойлонгон, биздин улуттун тарыхын изилдейм, экономикасын көтөрөм, көз карандысыздыгын сактап калам дегендердин баарын түрмөгө тыгып жатат го ! Биз кыргыз эли деги 1916, 1937, 1941, 1969, 1990, 2010 - жылдардан сабак ала албадыкпы ? Эмне биз чындап эле маңкуртпузбу ? ! Эмне биздин эл, жер, улут үчүн көкүрөк тосуп туруп берчү баатырлар түгөндүбү ! Байкуш эл кылабы бизди.  Өз оюн айтуудан корккон, туура сөзүн айтуудан корккон, кошоматчылык менен күн көргөн, улутунун ким экендиги баары бир, башка улуттан бирөө келип катуураак кыйкырып койсо башын беките калган жалтак жүрөгү өлгөн элге айлантабы бизди ! Эмне эми мындан ары улут үчүн, көз карандысыздык үчүн , өнүгүп өз алдынча жашоо үчүн күрөш токтойбу. Эмне биздин отубуз 25 жылга гана жетет беле ? Эмне бул элдин тагдырын башкаларга тапшырабызбы ? Биротоло жок кылчуулардын колуна салып беребизби ?

Шамил Карабала уулу

Булак: Фактор.кж

Последние новости