www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтканыбыздын себеби, 21-июнда кечинде кыргыз элинин патриот уулдарынын бири Топчубек Тургуналиев аксакалыбыздын үйүн тыкылдатып бирөөлөр келишиптир. Эч нерседен капары жок олтурган Топчуке эшигин ачса эки адам, колуна пакет кармап турушат дейт.

Алар Топчукенин ошол жерде жашаарын билип келиштиби же адашып келиштиби ким билет? Айтор аксакал менен сылык учурашып, колунда кармаган пакетин Бабановдун атынан кабыл алып Айт майрамына карата пайдаланып коюусун өтүнүшөт.

Чындыкты сүйгөн Топчуке аларды дароо "мурда мени эстебеген Бабанов мырза шайлоо алдында эстеп калыптырбы, алып келген түйүнчөгүңөрдү өзүнө алып барып бергиле"- деп жолго салыптыр. Топчуке алардын атын да сурап калганга үлгүргөн экен. Бири аты Адилет деген жигит, экинчиси Галина аттуу айым экен. Урматтуу окурмандар мүмкүн Адилет менен Галина силердин үйүңөрдү да акмалап жүрүшкөндүр же жакында барып калышаар...- деген пикирин Фейсбукка Сайпидин Султаналиев аттуу жаран жазган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости