www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын имаратынын курулушунун сметасын ашыра көрсөткөнү үчүн аталган органдын мурдагы жетекчилигине, тагырагы, экс-башпрокурор Аида Саляновага кылмыш иши ачылганы маалым болду.

Бул боюнча Башкы прокуратура 15-июнда иш козгогонун УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, Кылмыш жаза кодексинин 221-беренесинин 2-бөлүмү (“Коммерциялык негизде кызмат абалынан ашыра пайдалануу”) жана 308-берененин 2-пунктунун 2-бөлүмү (“Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу”) боюнча иш козголгон.

Эсептөө палатасынын иликтөөсү көрсөткөндөй, курулуштун суммасы белгиленген суммадан 93 млн. 625 миң 300 сомго көбүрөөк көрсөтүлгөн.

Ошону менен катар курулуш иштерине 9 млн. сом ашыкча колдонулуп, мамлекеттин каражаты максатсыз пайдаланылганы ашкереленди. 

Сөз жүрүп аткан имараттын курулушу 2011-жылы жүргөнү маалым. Агезде Башкы прокуратураны Аида Салянова жетектечү.

Учурда бул факты боюнча иликтөө жүрүп жатат. Максим Бакиевдин башкы юристи саналган Алексей Елисеевдин адвокаттык лизенциясын мыйзамсыз узартып бергени үчүн кылмыш иши ачылып, сот алдында жооп берип аткан Аида айым эми “алкым азабын” тартып, темир тор артына отурабы?

Булак: "Фокус"

Последние новости