www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"САЯКБАЙ МАНАСЧЫ" көркөм тасмасынын Ыйык Орозо айынын Кадыр түн тосоор кечинде жабык көрсөтүлүшү маданият майданындагы дагы бир чоң жаңылык болуп калды. Улуу манасчынын биографиялык портретин жаратуу максатын көздөгөн көркөм баян "Манас" кинотеатрынын чоң залына жык-жыйма толгон элдин эч кимин кош көңүл калтырган жок.

Орозонун ооз ачаары болуп калганына карабай, чогулгандар фильм бүткөндөн кийин да бир топко тарабай, театр алдында кызуу талкуулап жатышты. "Саякбай манасчы" коомдук фондунун, анын уюштуруучусу, белгилүү меценат Самат Ибраевдин 1 миллион долларлык каражаты бөлүнгөн бул тасманын тагдырына кызыкпаган кыргызстандык болбосо керек. Бүгүнкү улуу муундар өзүн, кийинкилер тасмадагы жүзүн көрүп калган дүйнөдө теңдеши жок дастанчынын, манасчы деген кереметтердин акыркы алпынын образын ар бирибиз өз жан дүйнөбүздө каалагандай элестетип, каалагандай кыялданып сактоого акылуубуз.

Саякбайды манасчы эле эмес, Манастын өзү деп түшүнсөк да укугубуз бар. Фильмди жараткандардын да мындай укуктарын эч ким чектей албайт. Белгилүү бир ырааттагы, көпчүлүктүн көзүндө калаар көркөм кейипкер жаратылыптыр. Манастын эмес, манасчынын кейипкери. Бул образ, балким, бирөөлөргө жакты, бирөөлөргө жакпады. Бирок баарыбыз билген, ошол эле учурда эч кимибиз башкалар да көрсүн деп кашкайтып кайра жарата элек улуу залкардын сүрөтүн тартуу үчүн эбегейсиз зор аракет жасалганын айтып коюу керек.

Алп манасчыны Айтматов менен, Улуу Үркүн, Совет бийлигин орнотуу менен айкалыштыруу боюнча көркөм концепция канчалык ишке ашты же ашпады, бул башка кеп. Бирок ошол тарыхый чындыктардан Сайкбайды ажыратып кароонун мүмкүн эместиги да талашсыз чындык. Кыскасы, көркөм тасманын идеясы сонун, коротулган каражат менен кеткен эмгек эбегейсиз. Ал эми анын натыйжасы тууралуу коомчулуктун чоң сөзү али алдыда. Анын кызуулугу "Курманжан датка" тасмасыныкынан ашса ашат, бирок кем болбойт деген ойдобуз.

Бейшенбек Бекешов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости