www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз өтө уникалдуу өлкөбүз. Президент болууну  ким каалабайт дейсиң?  Беш текени алдына салып айдагандар деле эл башкаргандан качпайт.  Ошентсе да журт башчы болом дегендердин  арасында тиш кагып, акыл калчап калгандары деле бар десек туура келет. Мына ошондой азаматтардын бири ажолук аламанга кирерин  апрелчи Кайып Шер билдирди.  Анда эмесе ошол чукул маекти сунуштайбыз.

-Эмнегедир чукул бир кабар айтчудай болуп турасың. Деги анчалык эмнеге өпкөң көөп калган?  Кыжаалат кылбай сүйлөчү, бай болгур?

-Ооба, эксклюзив жаңылыгым бар.  Күздө өтчү президенттик шайлоого  катагандан чыккан  таанымал генерал, коомдук ишмер Токон Мамытовду  эл барып көндүрүптүр.  Элдин батасын алган мыкты инсаныбыз  абдан жооптуу  саясий  өнөктүккө  кылчактабай кирерин азыр эле уктук.  Негизги кабарым ушул.

-Бул такталган маалыматпы?  Эртеңки күнү бул каарманыбыз антип эч кимге убада берген эмесмин деп койсочу?

-Жок эй,  антип жандимдик кылгыдай  бул киши намысы жоктордон беле?  Андан ашмалтайы чыккандар деле ажолук  жарышка чыгам деп жүрүшпөйбү?  Кээ бирөөлөрүнө караганда бул генералдын баскан изи артык эмеспи!  Ал тургай орус басылмаларына да татыктуу талапкер делип чыгып кетиптир. Мага ошондой кабар келди.  Чынында аскер адамынын аламан байгеге кошулушу жакшы жөрөлгө десем жаңылбайм.

- Айтор, чукул жаңылыгың бар экен.  Мындан аркысы кандай болот деп ойлойсуң?

-Кандай болмок эле, кагаздарын БШКга тапшырат, анан кол топтоого өтөт да. Буйруса жакшылыктарга күбө болобуз. Көңүлгө толгон кабарды биринчи сизге айтып жатам. Кантсе да маалыматтын  акесин тааныткандардан эмессизби? Калганын көрө жатарбыз...

Жора Сулайманов    

Булак: “Ачык сөз”    

   

Последние новости