www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш иши козголгондон кийин саясаттан кеткенин жар салып өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун «Республика» партиясынын абалы кыйын абалда турат.
Бабановдун этегин кармап саясий аренага баш багышкан «Республиканын» бир топ аттуу-баштуулары «2020-жылдагы парламенттик шайлоого катыша албай калабыз го, партияны каржылаган эч ким жок», – дешип эмитеден эле каңырык тугөтүшүүдө. Айрымдарынын Бабанов кеткенден бери партиянын саясий кеңеши бир дагы жыйынга чогулбаганын, партия капитаны жок кемеге окшош экенин айтышып, зээндери кейип, ыйлап жиберчү абалда.
Ошентсе да «Бабановго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Чамасы, анын Кыргызстанга келишине макулдук беришет көрүнөт. Андай болсо шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү пайда болот», – дешип үмүттүн шооласын үзбөй умсунгандар да жок эмес.
Булак: "Фабула"