www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боекчу десе, атасынын сакалын боептур

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргылбек Турускулов аким, губернаторлорду жоюп салуу керектигин айтып чыкты.

Ал бул туурасында: “Биз жөнөкөй тил менен айтканда төрт сом тапсак, беш сом жеп алып жатабыз. Чыгымыбыз көп. Учурда кескин түрдө өзгөртүүлөрдү жасашыбыз керек. Октябрь, ноябрь айларында бизге өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча мыйзам долбобру сунушталат. Ошондо көптөгөн өзгөрүүлөр болот деп ойлойм. Жеке пикиримде аким облус жетекчиси деген кызматтарды жоюп салуу керек”, -деп билдирди.

Кызык, депутат эмне айтып жатканын өзү түшүнбөйт окшойт.

Болбосо, аким губернаторлук деңгээлде чечиле турган маселелер бар экенин билбейби? Өзгөчө чек ара маселесинде дайым чыр чыгып турган облус, райондордо коңшу өлкөнүн облус, район жетекчилери айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшүү жүргүзөбү?

Логика болуш керек да…

Булак: "Фабула"

Последние новости