www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановду "баалап" жүргөн Нурсулуу

Нурсулуу Карабекова модель:

- Нурсулуу, алгач өзүң тууралуу кененирээк маалымат уксак?

- 1998-жылы жарык дүйнөгө келгем. Азыр жыйырма жаштамын. Юридикалык академиянын студентимин. Спорт менен машыгам. Визажисттик кесип менен да алектенем. Менин түркүгүм, жашоодогу колдоочуларым үй-бүлөм, кыйынчылыкта жөлөк болгон апакемдин эмгегин баалайм.

- Адатта жай айлары эс алуу айлары эмеспи. Сенин эс алууң тууралуу кеп козгосок...

- Өзүбүздүн берметтей көлүбүз турганда алыска барып эс алууну туура көрбөйм. Көлүбүзгө эмне жетсин! Бул жай айларында Ысык-Көлгө үч ирет барып эс алып кайттым. Дагы барам го деген пландар бар. Эс алууларымдын баары шандуу, ойдогудай болду.

- Сулуулук сынактарында көп иигилик, жеңиштериң бар экен...

- Мен «Мисс краса- 2015» сынагынынын катышуучусу болдум. 2016-жылы «» дүйнөлүк сулуулар сынагында баш байгенин ээси болдум. Албетте бул сынактар жашоомо чоң өзгөрүүлөрдү алып келди. Жашоого болгон оюмду өзгөрттү.

- Күйөрмандарың кат жөнөтө берип тажатышпайбы?

-Аңдай мырзалар өтө эле көп. Баарына жооп жазбайм. Мени көпчүлүгү бой көтөргөн кыз катары көрүшөт. Бирок, мен идеалдуу көргөн, мен жактырган сүйүктүү адамым бар.

- «Жүрөгү бош эмес экен» деп жигиттердин шагы сынат турбайбы. Качан турмуш курайын деп атасың?

- Азырынча датасын деле белгилегенибиз жок. Кудай буюрган күнү тоюбуз болот деп турабыз.

- Мырзалардагы баалаган сапаттарың?

- Камкор, ак көңүл, кайдыгер эмес, баардык нерсеге пикир билдире билген, чечкиндүү мырзалар жагат.

- Сен баалаган саясатчылар кимдер?

- Абдан акылдуу, амбициялуу саясатчы Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн баалайм.

- Визажисттик кесибиң тууралуу айтсаң?

- Сулуулукту жактырган жанмын. Жакын адамдарыма, тааныштарыма үйдөн эле жүздөрүнө кам көрөм. Салонго иштегенге азырынча убактым жок. Келечекте сулуулук салонун ачуу планымда бар.

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости