www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныбайдын айласын кетиришти

Пансионаты бар байлардын деле телегейи тегиз деп айтыштан алыс болууга туура келип жатат. Кыйла мурун Равшан Жээнбековдун пансионаты өрттөнүп кетип, аны ойлонтуп койду. А бирок, арам жол менен келгендиктен анчалык ичи оорубаптыр деген аңыз кеп тарады. Капризде да далай көмүскө жолугушуулар болгону боюнча да имиштер көп айтылды. Тилекке каршы илгерки спикердин таалайы ошол жердеги “сырдуу” жолугушуудан улам тайкы болгону эсибизден чыга элек. Негизи сезон убагында көп талылуу маселелер көлдүн жээгиндеги көз тайгылткан пансионаттарда чечилет. Бул кызылдай чындык.

Антсе да “Акундун” ээси Чыныбай Турсунбековдун учурда маанайы жок. Эми ал деле жаман ойдо болбостон Уланбек Эгизбаевге сый көрсөткүсү келгендир? Араң турган бирөөлөр болсо көбүртүп-жабыртып жиберишти көзүн тостойтуп туруп. Эмнеси болсо да каникулдун “чмосу” чыкканына Чыкең кыжаалат болуп турган кези. Али далай ирет бул кырсык боюнча сөз кетери турган иш. Ошентсе да күнөөнү кое бергенди кыскартпасак жакшы болбой калат го? Анткени тирүүчүлүк дегендин даяр “формуласы” болбойт. Кимге Теңир канча жаш берсе ошонун “үзүрүн” көрүүгө мажбур, же туура эмеспи?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости