www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Падышанын тактысына сугун арткандардын баарынын эле тилеги ишке аша бербесин былтыр накта байкадык. Олигарх, Кыргызстандагы № 1-бай делген кишинин башында үйлөгөн оту алоолонуп жангандай таасир калтырган. Жер, суунун баары эле Өмүрбек Бабанов утат деп ааламды дүңгүрөтүп жибергенин баамдап эмне болуп кетер экен деген ойго чырмалганбыз. Мындай шоуго өзү да эреркеп кеттиби, айтор мурдун көтөрүп эч кимди тоотпой кеткен. Керек болсо баарыңарды алдыма салып каалагандай айдап алам деген сыпаттамага ээ болгон төбөлдү Атамбаевден сокку жегендердин баары тегеректеп алышты. Керней, сурнайлар тарактап, коштоочулардын сүрөөлөрү зор болуп, буркан-шаркандаган заман дооран сүрүп калганына күбө болгонбуз. Көбүнүн келмеси оозунан түшүп калган.

Ал тургай төрттүктөр тобуна эрмешкен Бакыт Төрөбаевдин да мурдагы пландары өзгөрүп, баш бакандык орунга келем деген тилеги бар эле. Ал эми башында Текебаевдин жандоочусу болгон Канат Исаевдин да ичи уйгу-туйгу болуп Бабановдун азгырыгына түшүп берген. Бакандай партиянын эки лидерин таман алдына бастырып алган Өмүкең Борончуну мурдунан жетелеп алып, ээликме сапарын улаган. Анткени менен оозунан жаңылып, бутуна “жем” түшүп кетип айласы куруду. Койчунун таягына сөйкөнгөн эчкини “аңчы” оңой эле атып жерге талп эттире катуу түшүрүп койду. Ошондо эле ичинен кан өтүп кеткени айкындалды. Ошентип 15-октябрда падышалык тактыга Бабанов эмес Атамбаевдин бүткүл командасы колдоого алган талапкери Сооронбай Жээнбеков президент болууга жолу ачылды.

Кырк эшекке жүк болгон амалынан майнап чыкпаган Ө. Бабанов өлкөдөн пысып кетүүгө аргасыз болду. Анткени менен анын кесепети далай адамдарга тийди. Руслан Казакбаевди лидерликтен оодарышты. Мирлан Жээнчороев, Кенжебек Бокоев, Максат Сабиров, Кубат Болотканов жана башкалар мурдагыдай күпүлдөй алышпайт эми. Бакыт Төрөбаев болсо кайра-кайра кечирим сурап атып өлкөдө жанын сактап калды. Фаркат, Кайсарлар мурдун экинчи саясатка салбай турган болушту. Канат Исаев болсо “жер төлөдө” отурууга муктаж болгонун неге танмак элек. Кандай күч таасир эткенин билсек деле айтпай туралы, ал эптеп эркиндикке чыкты. Ал тургай парламенттегилер менен бир сыйра учурашууга үлгүрдү.

Ошондон кийин эле Бабановдун пиарчылары жанданышып, өз “кумирин” сайттарга чыгара башташты. Төрт кишинин арасына отура калып намазга жыгылган кишинин айласы куруп калганын байкоого курч көздүн кереги жок. Бираз элирип калган ат кошчулары болсо:-Буйруса жакында кыргыз жергесине баш багып, оокатын ушул жерден улантат деп жандары калбай жатышат. Азыркы ажого сес көрсөткөн, аркадан туруп муш берүүдөн кайра тартпаган адамга “жылуу жел” соктурушса өз башына эле көрүнөрүн айта кетсек неге болбосун?

Бирок, саясат деген ар кандай амалдарды жасатарына деле көндүм болуп калбадык беле? Капчыктуулар баары бир жагынуунун жолун таап алышарын да эстен чыгарбайлы. Эмнеси болсо да элибизге зыяны тийбесе болду. Дөөлөр, төөлөр кыл чайнашпай оокатын өздөрү бышырып алсын, туурабы?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости