www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Варшавада өтүп жаткан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕКУУ) жыйынында Кыргызстанда саясий негизде соттолгондордун маселеси көтөрүлдү. Жыйынга катышып жаткан “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” бирикмесинин төрайымы Токтайым Үмөталиева "Азаттык" радиосуна эл аралык жыйындын жүрүшү тууралуу айтып берди.

- Саясий куугунтукка кабылган Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Тойгонбек Калматов, Александр Гусев, Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков башында турган “Элдик парламент” кыймылынын мүчөлөрүн, жалган жалаа менен кесилген Максат Кунакуновду атадым. Ошондой эле шайлоонун “шайтан оюндарына” байланышкан Өмүрбек Бабановдун, Канат Исаевдин, Өмүрбек Текебаевдин, Алмамбет Шыкмаматовдун, Аида Салянованын иштери боюнча ой пикиримди билдирдим. Бабановго каршы атайын кызматтар эки ишти удаа ачып, ага жалган айып тагылганын белгиледим.

Үмөталиева кыргыз парламенти камакта отургандардын иштери боюнча өз алдынча бир иликтөө жүргүзсө деген да каалоосун билдирди.

Варшавадагы жыйынга Кыргызстандан президенттик аппараттын бөлүм башчысы Мира Карыбаева башында турган делегация, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жана башка бийлик бутактарынын өкүлдөрү да катышып жатышат.

10-сентябрда башталган жыйын 21-сентябрга чейин уланат. Ага уюмга мүчө 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости