www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист, саясий баяндамачы Турат Акимов Өмүрбек Бабанов тууралуу өтө маанилүү маалымат айтты. Башкача айтканда, премьер-министр болуп турганда ал өлкөнүн менен улуттун кызыкчылыгына каршы келген ишти жүзөгө ашыра албай калган кылыгын эскерди.
Бул боюнча Турат Акимов: "Бабанов премьер болуп турганда Талас облусундагы "Киров" суу сактагычын казактарга 49 жылга ижарага бермей болуп, келишимге макул болгон", - дегенди айтты. Бактыга жараша, Бабанов иштен кетип, бул маселе токтоп калган.
Мына ушул жагдайды улай Казакстандын жол жаап жатканынын себептеринин бири катары Өзбекстан Кемпир-Абад суу сактагычына ээ болуп, өздөрүнө алгандан соң, казактар дагы Киров суу сактагычын алууга кызыкдар болуп, Кыргызстандын бийлигине кысым көрсөтүүдө деген пикир билдирди.
Арийне, Турат Акимовдун билдирүүсү боюнча Өмүрбек Бабанов ак же көк деп айта элек. Унчукпаган үйдөй балээден кутулат болуп, былыгы ырбап кетишинен чочулап, тилин тишине басып шүк отурат окшойт.
Булак: NazarNews.kg