www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан Ысык-Көлдөгү эки мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” жана “Падыша Абдулазиз” деген ысымдарды ыйгарууну пландоодо. Парламент мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Биринчи мөңгү Ак-Шыйрак кырка тоосунун түндүк-батыш капталында, Жети-Өгүз районунун Борду дарыясынын көлмөсүндө. Экинчиси Ак-Шыйрак массивинде, Сары-Чат дарыясынын көлмөсүндө.

Мындай аталыштарды мөңгүлөргө ыйгаруу министрлер кабинетинин башчысынын демилгеси менен сунушталууда. Бул БАЭ жана Сауд Арабиясы менен кызматташтыкты бекемдөө максатында жасалууда.

Өлкөдө жалпы 8208 мөңгү болсо, алардын ичинен 10 мөңгүнүн расмий аталышы бар.

Белгилей кетсек, Абдулазиз бин Абдуррахман Аль Сауд 1932-1953-жылдары Сауд Аравиянын негиздөөчүсү жана биринчи падышасы болгон. Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости