www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Өнүгүү - өлкөнү өзгөртүүчү күч” деген ураан менен 2015-жылдагы парламенттик шайлоого “Өнүгүү - Прогресс” партиясы аттанган. Бакыт Төрөбаев лидерликти колго алып, көк байрагын көтөрө чыгып, элдин алдында опол тоодой убадаларды бергени эсибизде. “Жөжөнү күздөй санайбыз” дегендей андан бери үч жыл өттү. Калың элди кыдырып ооз көптүрүп берген убадалардын канчасы аткарылды, канчасы унутта калды, кандай убадаларды аткарууга аракет жасашууда. Биз бүгүн ушул “укмуштай убадалардын” айланасында сөз кылууну туура көрдүк.
«Өнүгүү өлкөнү өзгөртүүчү күч”
“Өнүгүү - Прогресс” партиясынын шайлоо учурундагы жер-жерлердеги илинген банерлерин карасаңыз ушул жазууну көргөндүрсүз. Бали, сөз эмес бекен. Өлкөнүн өнүгүүсүн ким каалабасын. Карапайым элдин арасында алтын шилекейин чачыраткан Бакыт Эргешовичтин фракциясы канчалык деңгээлде өлкөнү өнүктүрүп жатат? Муну жада калса өзү дагы айтып бере албайт. Себеби Эргеш аксакалдын баласы азыр фракциясындагы депутаттар туш тарапка чачырап өкмөт башчы боло албай калган жинин депутаттардан чыгарып, колдоочулары жок жанында жалгыз Мирлан Бакиров менен Тынчтык Шайназаров эле калды.
“Биздин башкы максатыбыз элдин жашоо турмушун жакшыртуу”
«Өнүгүү» качан борбор калааны жашыл шаарга айландырат?» деп күтө берип шаардыктар үмүтүн деле үзүп коюшту. Себеби, Бишкек эки үйдүн алдына эки жарык берүүчү лампа коюп, айланасын тазалап коюу менен жашылданып жатып калбайт. Төрөбаев эки жерге жарык орнотуп койгонуна курсант болуп басып жүрөт. Дээрлик шайлоого аттанган партиялардын урааны ушундай укмуш сөздөр болчу. Жаңы гана куралып шайлоого аттанып жаткан “Өнүгүү - Прогресс” партиясы элет элинин көзүнөн учкан жумушсуздукту пайдаланып биз жумуш орундарын түзөбүз, МТСтерди ачабыз, фермерлердин кирешесин көтөрөбүз дешкен. Ошол убактагы ураандарды карасак Бакыт Төрөбаев: “Элдин турмушун кантип жакшыртууну жакшы билем» деген. Тилекке каршы ал сөз шайлоо учурунда гана айтылып, шайлоонун эртеси жел менен кошо учуп кеткени жашыруун эмес.
“Көп иштерди аткардык, дагы көп иштерди аткарабыз”
Кайсыл көп иш аткарганын эч ким билбейт. Көп иш деген көзгө көрүнүп элдин колдоосуна татыш керек. 4 тракторду насыя жолу менен дыйкандарга таратып коюп, сүрөткө түшүп келүү деген иш аткаруу дегенди билдирбейт го. Акчасы өп-чап турмушка араң жеткен бюджеттик кызматта иштегендерди аябай ишендирип “Келерки жылы бюджет кызматкерлери үчүн атайын адистештирилген азык-түлүк дүкөндөрүн ачуу тилегибиз бар. Аларда негизги тамак-аш азык-түлүктөрү базар баасынан 25-30% га арзан болот” деп айтышты эле. Бүгүнкү күндө бир дагы маалымат кызматы бюджеттегилер үчүн азык-түлүк дүкөн ачып, анын баасы арзан экендигин жаза элек. Биз дагы көрө элекпиз.
“Коррупция менен күрөштө жазаны күчөтөбүз!»
Аябай жагымдуу ураан. Коррупция менен күрөшүүдө жалгыз бир партиянын алы жетсе гана. Андан бери өкмөттүн баскан турганынан өөн издеген өнүгүүчүлөрдүн коррупция менен күрөшкөнүн эч ким уга элек. Жарандарыбыз социалдык тармактан президентке кайрылуу жолдобой түз эле Бакыт Эргешовичке кайрылышмак, эгерде коррупцияга каршы күрөшсө. Тилекке каршы 28 жылдан бери өлкөнүн болгон бүткөн тамырына жайылган коррупция менен күрөшүү, жазасын күчөтүү бир фракциянын эмес, бүтүндөй өлкөнүн колунда экенин айтышкан эмес. Бүгүн болсо сот системасына байланыштуу бир дагы иштеринин жыйынтыгы жок. Өлкөнүн бардык аймактарындагы жолугууларда эгерде биз шайланып келсек, коррупция үчүн жазаны күчөтүп гана тим болбойбуз, биз ага шарт түзгөн жагдайларды толугу менен жок кылабыз. Ушундай жол менен гана биз өлкөбүздү өнүгүүнүн жана прогресстин жолуна сала алабыз” деп күпүлдөгөн үндөр Ала-Тоонун адырларына сиңип кетти. Эки жылдык убакытта өнүгүү канчалык убадалардын өтөөсүнө чыга алат аны эч ким айтып бере албайт...
«Ар бир айылдык ооруканага бирден бөлмө...»
Кыргызстанда жалпысынан 429 айыл бар. “Өнүгүү” партиясы ар бир айылдагы ооруканалардын бирден бөлмөсүн жасалгалап, ичине жаўы керебет, сыналгы жана муздаткычтан бери алып берет деген убаданы айтышкан. Ашып кетсе 5 палата жаңылашты. Ошол бойдон ал убадалар дагы барактарда гана калганы турмуш чындыгы. Баса, ушул эле партия шайлоо алдында айыл-апаны кыдырып калк саламаттыгын акысыз текшерүүдөн өткөргөн. Шайлоодон кийин бул аракет кан буугандай токтоду. Демек, бул дагы Эргешовичтин элге жагынуу аракети болгонуна ынандык.
“Калкы жыш жайгашкан айылдарга бала бакча курабыз”
Кандай сонун угулат ээ? Жетишпей жаткан нерсеңди берем деген киши кимге жакпасын. Айылдардагы бала бакча көзүнөн учкан карапайым калк үчүн бул сөз көктөн издегени жерден табылгандай эле болгон.
Себеби, калктын жыш жайгашкан аймактарында балдарды тарбиялоо үчүн бала бакчанын жоктугу көкөйгө тийип бүткөн. Бул кооз убада берилгени менен: “Өнүгүү» партиясынын демилгеси менен баланча деген калкы жыш жайгашкан аймактарга бала бакча курулду” деген маалыматтарды уга элекпиз. Айтор, өнүккүсү келген партиянын убадаларын санап олтурсак кыялдардын жетегинде космоско учуп кетчүдөйбүз.
Булак: "Де-Факто"