www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарында акыркы убактарда өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулук саны өсүп барат. Мындай көрүнүштү мындан ары болтурбоо, балдар коопсуздугун камсыз кылуу багытында “Өспүрүм” аталышындагы үч күндүк профилактикалык рейд өткөрүлүүдө. Анда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектептерде, атайын жана жогорку окуу жайларында окуган окуучу-студенттердин эсебинен шаарда өспүрүмдөр саны көбөйүп, ар кандай терс жагдайлардын келип чыгышы алдын алуу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын “Балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу чаралар жөнүндөгү” атайын мыйзам кабыл алынган. Аны жетекчиликке алуу менен шаар аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдү түнкүсүн белгиленген убакыттан кийин чоң адамдардын коштоосу жок көчөгө чыгуусу көзөмөлдөнүүдө. Өткөрүлүп жаткан рейд 8-сентябрга чейин уланат. Рейддин алгачкы күнүндө шаардын көчөлөрү, интернет-клуб, ар түрдүү көңүл ачуучу жайлар текшерүүгө алынып, инспекция кызматкерлери тарабынан беш өспүрүм кармалды. Аларга жана ата-энелерине эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 37 миң 725 жашы жете элек өспүрүм бар. Ал эми шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясында жети кызматкер эмгектенет. Жаңы окуу жылынын башталышы менен өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу аракеттери күчөтүлгөн тартипте алып барылууда.
Булак: NazarNews.kg