www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк-бөрү федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев казак командасы өзбектерге атайын утулуп калды деп сындады. Ал финалда казак көк-бөрүчүлөрү атайын кыргыздарга чыккысы келбей, оюнду берип коюшканына ичи ачышып, казак жигиттерине ачуу сөздөрүн жаадырды. Бегалиев казак оюнчулары отурган кичи автобуска барып, алардын намысына катуу бүлүк салып чыкты.

-Эркекче кылбай койдуңар бул жагын, эркекче ойносоңор болмок. Былтыр жакшынакай барып, силерди сыйлап ойноп бергенбиз, бүт эрежелериңерге макул болуп ойноп бергенбиз. Астанага мен баргам былтыр. Баарына чыдап ойнодук эле го. А силер эмнеге андай кылбай койдуңар? Беттешип ойноп койбойсунарбы? Силерде намыс деген барбы? Бул спорт го. Эмнеге саясатты аралаштырасыңар? Эмнеге көкбөрүдөн анчалык коркосуңар? Бул оюн го, спорт го? Жигитче ойноп туруп, күлүп-жайнап, жакшынакай кетпейсиңерби элиңерге? Өзбекстан өмүрү көкпар-көкбөрү ойногон эмес. Кантип утулуп барасыңар элиңерге? Кайсы бетиңер менен барасыңар? Казактын мен деген жигиттери келип туруп, ушинтип бирөөнүн астына жатып бергениңер уят эле болду. Уят! - деп кейиди Талас Бегалиев.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында болгон көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештин кечээки жарым финалдык беттешүүсүндө Казакстандын көкпар командасы Өзбекстандын командасына 5:4 эсебинде утулуп калышкан. Буга чейин Кыргызстанга көк-бөрү таймашына атайын келген казак көкпарчылары ар кандай шылтоолорду айтып оюнга катышуудан баш тартып келатышкан болчу. Алар бизге кыргыздар ат таап беришсин, тайказанды алып салышсын, башка өлкөлөрдүн командаларында кыргыздар ойноп жатышат, алар чыгышсын деген сыяктуу талаптарды коюшкан. Жыйынтыгында казак оюнчуларына аттар берилген, тайказан алынган эмес, ал эми башка командалардагы кыргыздар алардын жарандары экендигин тастыктаган паспортторун көрсөтүп далилдеп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости