www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон сапарында Түркияда террористикалык уюм катары таанылган ФЕТОго (Гүленчи) тиешеси бар деген 130 адамдын тизмесин бергени тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Учурда 130 адам кимдер деген суроонун айланасында баш катыргандар арбын. Түркиялык «Haberturk» интернет басылмасы 130 адамдын ичинде 13 адам өзгөчө белгиленип, биринчи кезекте жоопкерчилигин кароо жагы суралганын жазды.

Ошондой эле «Хюрриет» газетасынын журналисти Ханде Фырата Түркия бийлиги берген 130 адамдын ичиндеги өзгөчө белгиленген адамдардын арасында Орто Азия боюнча таанымал дин аалымы бар экенин жазды. Буга байланыштуу социалдык тармакта аталган алым Чубак ажы Жалилов болушу мүмкүндүгүн кыйытышууда.

Анткени Чубак ажы Америкага чейин барып Фетуллах Гүлен менен жолугушуп, анын ишмердүүлүгүн жактоочулардан экенин жашырган эмес. Эми Кыргызстандан Түркиянын өтүнүчү менен «Гүленчилерге» карата кандайдыр бир чара көрүү башталса, алардын ана башында Чубак ажы болуп калышы мүмкүн экени айтылууда. Кыргызстандын тышкы саясий багыты кимдир бирөөлөрдүн мындай сөөмөй кезөөсү аркылуу жүргүзүлсө кооптуу абал жаралбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Булак: “Фабула”

Последние новости