www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте “республикачы” депутат Руслан Казакбаев президенттикке экс-талапкер Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишине кызыкты. Ага былтыр шайлоо мезгилинде Он-Адырда сүйлөгөн сөзүндө улут аралык кастыкты козуткан деген айып тагылып, кылмыш иши ачылган болчу.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов депутат Казакбаев айткан материалдар ишке тиркелгенин, суроо кат жөнөтүлүп жообун күтүп жатышканын, ошого байланыштуу кылмыш иши убактылуу токтотулуп турганын билдирди.

Былтыркы шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков түз эфирдеги дебат учурунда атаандашы Өмүрбек Бабановго “жемкордукка каршы күрөштү биринчи сенден баштайм” деп айткан болчу. Ошондон уламбы, шайлоо бүтөөрү менен Бабанов өлкөдөн шашылыш чыгып кетип, интернет аркылуу “депутаттыктан да, саясаттан да биротоло кеттим, кайтып келбейм” деген билдирүүсүн таркаткан. Ал эми президенттикке шайланган Сооронбай Жэнбеков жемкордукка каршы күрөштү Бабановдон эмес, тескерисинче түрдүү жолдор менен өзүн бийликке алып келген Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кадрларынан баштаган. Мындан улам эки достун мамилеси кескин салкындап, учурда эки саясатчынын тирешүүсү курчуунун гана үстүндө келатат.

Айтмакчы, күчтөнүүнү эңсеген А.Атамбаев Ө.Бабановду өзүнө кошулууга көндүрүптүр деген маалыматтар да кийинки кездери учурап калып жаткан...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости