www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабуржан Төлбаев:

Президенттикке талапкер Бабуржан Төлбаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого ишкер катары эмес, лидер катары катышканын билдирди.

Ал шайлоодо 2-орун алууну максат кылган, ал эми алдыңкы үчтүктү камсыз кыларына ишенген.

--«Мен көптөр ойлогондой ишкер эмесмин, мен лидер, коомдук ишмермин. Анткени ишкерлердей өзүм үчүн каражат таппайм. Компанияга бир сом акча короткон жокмун, чет өлкөдөн 100 млн долларлык инвестиция тарттым. Бул — өлкөнүн тарыхындагы каржы секторуна биринчи тартылган жеке инвестиция. Ошондуктан мен эффективдүү жетекчимин», — дейт Төлбаев.

Ал саясаттан сырткары да коомго көп жардам берүүгө аракет кылып жатканын айтып, алдыда бул иштерди улантарын билдирди.

Буга кошумча башка шайлоолорго салыштырмалуу президенттик шайлоодо адмнистративдик ресурс аз колдонулганын белгиледи.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости