www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында район аралык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрге башкармалыктын базасында мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды реабилитациялоо борбору иштеп, анда 20га жакын бала кызмат алып жаткандыгы маалымдалды. Ошондой эле, борбор ата-энелерди мүмкүнчүлүгү чектелүү баланы кароого үйрөтөт.

«Мындан тышкары, долбоордун алкагында тигүү цехи ачылып, аялдар кийимдерди быгууга жана тигүүгө үйрөнүшөт. Кыска убакыттын ичинде 6 үй-бүлө тигүү цехтерин ачышты», - деди башкармалыктын кызматкери.

Ализа Солтонбекова жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи, анткени акыркы мезгилде балдарга жана аялдарга карата зомбулук көбөйүүдө. Министр өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттарынын бири бул фостердик үй-бүлөлөрдүн кызмат көрсөтүүсүн өнүктүрүү экенин, ошондуктан ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө тарбиялануусуна шарт түзүүнү, андан тышкары, калктын иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү иш-чараларды күчөтүүнү кошумчалады.

Андан ары Токмокто министр №1 жана №2 социалдык стационардык мекемелерге барып, ал жерде камкорчулардын жашоо шарты менен таанышты.

Токмок шаарындагы №2 ССМнин директору Бурул Туманованын айтымында, бүгүнкү күндө аталган мекемеде 210 адам жашайт. Кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу менен 70 орундуу жаңы имарат курулгандыгын айтты.

Министр №1 Токмок ССМне барганда имараттарды капиталдык оңдоо үчүн донорлорду тартуу маселеси иштелип жаткандыгын белгиледи.

Мекеменин директору Жумадил Салиевдин маалыматы боюнча аталган жерде 266 кызмат алуучу жашайт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости