www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Бул жогорку мамлекеттик кызматтагы Сиздин ишмердүүлүгүңүз коомчулуктагы биримдик менен ынтымакты бекемдөөгө, эгемен Кыргызстандын социалдык стабилдүүлүгү менен экономикасынын туруктуу өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем.

Беларусь Республикасы кызыкдар жана жоопкерчиликтүү өнөктөш болуу менен бирге мындан ары дагы эки тараптуу негизде да, интеграциялык форматта да эки жакка тең пайдалуу кызматташууну тереңдетүүгө даяр.

Сизге чың ден-соолук, бакубатчылык, кыргыз элинин гүлдөп-өсүүсү үчүн белгиленген максаттарда ийгиликтүү жетишкендиктерди каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости