www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Студенттердин жана колледж кызматкерлеринин маалыматы Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы (ББМС) – бул электрондук система, максаты маалыматты топтоо, сактоо, иштетип чыгуу, талдоо жана жайылтуу болуп саналат. ББМС дээрлик сапаттуу билим берүү менеджментин жана окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүүгө, мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын натыйжалуу пландоого, билим берүүнү андан ары өнүктүрүү үчүн негиздүү чечимдерди кабыл алууга жана багыттарды корректировкалоого мүмкүндүк берет.

Системанын негизи болуп бардык өткөн класстар/курстар боюнча окуучулар жөнүндө маалыматтар саналат, окутуучулук курам жана алардын жетишкендиктери, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базалары жөнүндө маалыматтар киргизилет.

“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында колледждерге ББМСке маалыматтарды киргизүү боюнча жана системаны техникалык модернизациялоо боюнча министрликке көмөк көрсөтүлүүдө.

Мезгил-мезгили менен орто кесиптик окуу жайларынынын кызматкерлери үчүн Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын толтуруу боюнча онлайн семинарлар өткөрүлүүдө. Өткөн жылы колледждердин 140 кызматкери окутулду.

Азыркы учурда Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасына орто кесиптик окуу жайлардын 52 778 окуучусунун жана 7 373 кызматкеринин маалыматтары киргизилди.

Ошондой эле аталган долбоордун алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин ачык маалыматтар порталы түзүлдү (http://open.edu.gov.kg/ion).

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости