www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу кайрымдуулук менен алектенген эжекелер! Ар кайсы түрктөн калп айтып акча сурап, алар кайра коомго силерди жамандап, муктаж болуп жаткандарга акча таап бербей эле койгулачы..

Кечээ кечинде түрк достордун бири көчөдөн жолугуп калды. Анын айтымына караганда кайрымдуу болумуш этип жүргөн бир апчебиз көзүнө жалдыратып "үйүңө жатып турайынчы, көчөдө калдым, баламды туугандарга жибердим эч нерсем жок"-деп, үйүнө түнөп кеткен имиш.

Э тобаа, кең Бишкекте бир түрктүн батиринен башка үй жок бекен? Экинчиден ал түрккө жалбарып 300 доллар берип тур, мен кайра берем деп кечке билдирүү жазган экен. Бербей койсо балдарды аңдытып сабатканга аракет кылып опузалаптыр. Ишенбей койдум эле, смстерин окуп төбө чачым тик турду! 

Ооба, акча курусун жаман, суратат. Мен деле андай жардамга муктаж болом, бирок кыргыз байкелерден жардам сурайм. Бир жолу артка кайтарышкан эмес Кудайга шүгүр. Кантип бир тааныш кыргыз жок болсун. Ал түрктү көрүнгөн жерге айттырбай кыргыздардан сурабайсыңарбы? Анын үйүндө түндө кол жоолугу болгонуңарды бир Кудай эле билет! Ал кыргыз кыздары деп баарыбызга сөз тийгизип оозуна келгенди оттоп жүрөт. Күнөө силерде, эмнеге ошол 20 миңди түрктөн сурайсыңар!

Бир актриса сөрөй түрктү алдап бриллиант шакек тагынса, бириңер үйүм жок деп мусаапыр болуп барсаңар, кыргыз кыздарынын кайсы жүзү калды?

Эмне түрктөрдүн баары акча көрүнүп калганбы көзүңөргө? Бул эмне шумдук! 500, 700 сом сураган күндөрү да болуптур. Ооба бул силердин ишиңер, бирок бир силер үчүн баардык кыргыздын кыздары жаман атты болуп атпайбы.

Ушинтип кайрымдуу болбой эле койбойсуңарбы? Өз жаныңарды баккылачы, карапайым эл муктаждарына өзү эле кайрымдуулук кылат!

Ал кайрымдуу кыйындын Фейсбуктагы билдирүүлөрүн окусаң тим эле назик, үлбүрөгөн, эч кимге жамандыгы жок, жакшылык гана жасагысы келген, ар кимге акчасын алдаткан өзүнчө эле аруузат...

Былыктары чууруп чыгып, өзүнө гана эмес, ылайдын баары баардык кыргыз кызына тийип жатканы менен иши жок акмак!

Баяна Кулова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости