www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев миграция жаатындагы маселелер тууралуу мындай дейт:

- Былтыр чет өлкөдө каза болгон 245 жарандын сөөгү келди. Бул элчиликтерден, Чек ара жана Бажы кызматтарынан, диаспоралардан Мамлекеттик миграция кызматы тактаган маалымат. Алардын ичинен 51 арыз түшкөн, чыгымдарын өкмөт төлөп берди. Бул мамлекеттик бюджетте каралган 1 миллион 600 миң сомдун тегерегиндеги каражат. Бирок, менимче, бул жетишсиз. Анткени алардын 20 пайызы гана жардам алды.

Каза болгон адам эмгек мигранты экенин тастыктаган расмий кагаз же диаспоралардагы юридикалык катталган коомдук бирикмелерден кат керек. Андан тышкары жол чыгымдарын тастыктаган квитанциялар талап кылынат. Кээ бир жарандарыбыз кагаздарды топтой албай же сөөктү диаспоранын күчү менен кетиргенде кайрадан өкмөттөн акча алуудан намыстанып кайрылбай койгон учурлар болгон.

Миграция кызматы жөлөкпулдун шарттарын жеңилдетиш үчүн өкмөткө атайын жобо даярдап берди. Жободо жөлөкпулду адам чет өлкөдө каза болгонун тастыктаган күбөлүк менен гана алуу каралган. Андан тышкары, транспорттук чыгымдардын ордуна 50 миң сом берүүнү сунуш кылдык. Буга кошумча катары, жөлөкпулду сөөктү мекенине жеткиргенден кийин эмес, аны алдын-ала берүү тууралуу сунуш киргизилди. Бирок бул Евразия аймагына гана тиешелүү болот. Ал эми алыскы өлкөлөр боюнча мурунку система менен иштей беребиз. Биз бул жобо колдоо табат деп ишенебиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости