www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук Кыргызстандын потенциалы боюнча айтып берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук Кыргызстандын потенциалы боюнча айтып берди

Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын Дүйнөлүк банк менен 2018-2023-жылдар аралыгында кызматташуу стратегиясын талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүп, экономиканы өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдар менен иштешүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Бурунчук Кыргызстандын ар тармактан потенциалы жогору экенин айтты.

"Биринчиден, адамдар. Айрым өлкөлөргө салыштырмалуу кыргыз жарандарынын билим деңгээли абдан жогору. Экинчиден, суу ресурстары. Ал энертегика секторундагы чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Мындан тышкары, ажайып жаратылышы туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт түзөт", — деди ал.

Ошондой эле, Дүйнөлүк банктын өкүлү Кыргызстандын айыл чарбасы продукциялары жакынкы өлкөлөрдүн рыногунда чоң суроо-талап жаратарын иликтөөлөр көрсөткөнүн кошумчалады.

Кыргызстандын айыл чарба потенциалынын бийик экенин өлкө экспорттоп жаткан товарлар дагы көрсөтүп турат. Мисалы, Европа жана Араб өлкөлөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн сыр, бал, жаңгак сыяктуу азыктар жогору бааланат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости