www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыпырап кыйсыпыр түшкөн дүйнөмдү бир мээримдүү көз карашыңыз менен жайгарып кеттиңиз...

Качан кайсы жерден көрбөйүн жылмайып тамашалап, каткырып... неге деген асыл жансыз билбейм...

Бүтүн дүйнөмдү эч бир адамга бийлетпей бийик кармачу элем, сиздин алдыңызда өзүм ылдый түшүп, жүрөгүм кубанычка балкып, кудум биринчи арзууга кезиккен секелектей сезимге масмын....

Мен сагынып жүрөм сизди.....

Сагынып жүргөнүмдү акырын өзүңүз гана уга тургандай шыбыроого бир мүмкүнчүлүк болсо. Балким ошондо да бир жылмайып же адаттагыдай жарк этип күлүп коёоорсуз.....
Не деген жансыз, кайсыл күнү дүйнөмө кирип келдиңиз, жоопсуз, бактысыз бактылуу бул арсар сезим керек беле деги...

Башым тумандап, баарын жыйыштырып сизди көздөй жөнөгүм келип, талпынып азыр канат кагып жөнөөчүдөй алдастайм. Мен мерез жанмын бирок, мерездигимди катаал, талапчылдыгымды бир заматта сыйкырлап жок кылып койгон сизде кандай сыр бар болду экен..

Кимдир бирөөлөргө керсейип сезимин билдирмек тургай жан дүйнөсүн ачып сырдашпаган мен бул сапар өзүмдөн өзүм бактылуумун. Жалгыздыгым билинбей, жашоомду гүлзар аралап, бактыма масмын....

Жарк этип күлүп койсоңуз керек ээ мени көргөндө...
Мынчалык мээрим төгүлгөн каректер наристеде анан сизде гана бар...

Менин адамым..меники..өзүмдүкү...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости