www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күндөн бери талкууга алынып жаткан чек арачы жоокерлердин видео тасмасы тууралуу Камила Талиева төмөнкү пикирин билдирди: 

-Төбө чач тик турчу трагедиялуу көрүнүш. Ата-энеси чек араны коргоп жүрөт деп, үйдө сыймыктанып отурат, мамлекетке ишенип, балдарын аскерге берип.... Биздин жоокерлер минтип кор болуп, башка өлкөнүн аскер адамдарына. «Кечирим сурады» деп, биздин аскер кызматынын пресс- кызматы маалымат таратып гана тим болуп, элди алаксытканы эле болбосо. Кайдыгерлик, туш- туштан...!!! Чек ара кызматын, дегеле күч түзүмдөрүн тез арада реформа жасабаса, элдин нараазычылыгы күчөп, чыдамынын акыркы «чекитке» жетиши күтүлүүдөбү?- деген ой келет.

Эске сала кетсек, Социалдык түйүндөрдө таркаган видеотасмадагы кыргыз жоокерлерин туткунга алып, сабаган тажик чек арачыларынын аракеттери 20-июлда богон окуя. Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, ал күнү тажик чек арачылары Тажикстандын Ворух анклавы аркылуу өткөн Кишемиш-Аксай транзиттик жол аркылуу куралсыз өтүп бараткан Кыргызстандын 2 чек арачысын жана 2 жаранын мыйзамсыз кармап алышкан. Тажик аскерлери агрессивдүү аракеттерге барып, Кыргызстандын чек арачыларынын бирөөсүн сабап салышкан.

Эки тараптуу макулдашууларга ылайык, кыргыз жоокерлери транзиттик жолдон курал-жараксыз өтүп баратышкан. Тажик тарап транзиттик жолдон тоскоолдуксуз өтүү боюнча мурда келишилген макулдашууларды бузушкан. Эки мамлекеттин чек ара кызматтарынын сүйлөшүүлөрүнөн соң гана кыргыз жоокерлери менен жарандары бошотулуп, кайра кайтарылган.

Тажикстандын чек ара өкүлү өз аскерлеринин мыйзамсыз аракеттери үчүн кыргыз тараптан расмий түрдө кечирим сураган. Кийинчерээк ал аскерлер жоопкерчиликке тартылышканын билдиришкен.

Видеону төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар:

https://www.facebook.com/KalmataISanjar/videos/10214436314674914/UzpfSTE0MTIyNjQyMTU2ODk0MDc6MjA4NDM3NjMwNTE0NDg1OA/

Булак: NazarNews.kg

Последние новости