www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тыбырчылап кызганып жатканымды билип туруп жасадыңызбы....

Так маңдайымда кесиптешиңизди бетинен өөп жатканыңызды көрүп жаным чыгып кетти. "Өппө эй"-деп үнүм бийик чыгып кетиптир. Жанымда турган эже да чоочуп "кимди кызганып атасың ай"-деп күлүп калды...

Кызганычым көкүрөгүмдү өрттөп, көөдөнүмө батпай, ошол сиз бетинен өөп жаткан аялдын чачын жулуп, бетин тытып, тытмалап, экөөңдү кошуп туруп өрттөп салып басып кетким келди...

Билем, сиз башка адамдыксыз, меники болбойсуз, болгону бир гана нерсени суранам, чөгөлөп суранам сизден, менин көзүмчө башка аялды өппөңүз, суранам...
Өзүм да өмүрдүн эмес, өрттүн ичинде жашап жатканда кыйнабаңызчы мени...

Эч нерсе кылбаса деле ошол аялды жек көрүп бараттым, а сизге таарынып калдым, менин көзүмчө башка аялды өппөсөңүз эмне...

Баяна Кулова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости