www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сүйүнчү пул" - сынга алынууда

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева жарандар сүйүнчү пулду алыш үчүн бир катар документтерди топтоого туура келип жатканын айтып чыкты. Ал сүйүнчү пулду берүү башталбай жатып коррупцияга байланып калганын айтып, жарандар 500 сомго чейин акча берип жатышканын билдирди.

- Мага көп адамдар кайрылып жатышат. Алар 4000 сом сүйүнчү пулду алыш үчүн көптөгөн документ чогултуп, керек болсо акча берип жатканын айтышты. Бизге өкмөт бардыгы электрондук форматка өтүп, коррупция болбой турганын айтып, сүйүнчү пулду ыйгарууну Каттоо кызматына берген. Чындыгында жарандар Социалдык өнүгүү министрлигинен документтердин баарын Каттоо кызматына бирден ташыйт экен.

Касымалиева 15-февралга чейин мамлекет болгону 327 үй-бүлөгө сүйүнчү бергенин, бул өтө аз көрсөткүч экенин кошумчалады.

Кыргызстанда жылына 150 миңден ашык ымыркай төрөлөт. 1-январда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча берилет. Ар бир балага кеминде төрт миң сом өлчөмүндө сүйүнчү акчаны алыш үчүн жергиликтүү социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылыш керек. Сүйүнчү акчаны бала төрөлгөндөн тартып бир жыл ичинде алса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости