www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Баяна Кулова кечээ президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга баргандардын арасында Айзада Жамгырчиева бар экенине төмөнкүдөй билдирүү жазып чыкты.

Журналисттин билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

"Айзада Жамгырчиева кайсыл жерде ыктыярчы болуп жүрдү эле? Эл эч жерден көрбөптүр, мен эле эмес!! Кечээ эле иши жок калдым картошка алгыла деп кыйкырып ролик тартып жүрдү беле? Же Анжеликага барып бир аз акча берип койгону ыктыярдык кылууга кирип калганбы? Ушундан көрү президенттин жолугушуусуна Эрнест Бөрүбаевди, же Алтынай Нарбаеваны кошуп койсоңор болмок, эл дагы ыраазы болуп калмак. Же тизме түзгөндөрдүн арасында тааныш билиш болуп кеттиби? Үнүн көтөрүп сүйлөп, кемсинте карап каада күтүптүр болушунча. Жашынакай кирип чыкса бир жөн. Бирдеме көргөндөрдү киргизбейт белеңер өлкө башчысына.

Мейли барса барыптыр, өзүн алып жүргөнү кантет. Көкүрөгүн болушунча ачып соцтармактагылар какшап аткан сөздү эле кайталаптыр. Американы ачып ийсе бир жөн. Дагы жакшы сүрөттө ачылып чачылган көкүрөгүн суунун бөтөлкөсү жаап калыптыр. Кокус ал болбогондо баары көрүнүп уят болмок. Атасынан улуу кишинин алдына баратат, дресс код, кыргыздын уят ар намысы деген бар. Манастан бери келе жаткан кыз дегендин эркектин, элдин алдында кымырып кымтынып олтурат деген салтыбызды унутуп калган го. Көрбөгөндүн көргөнү курусун, шалактап жүрүп көнгөн да. Андай жолугушуулардын чекесине катышпаса кантсин байкуш, далактаган бойдон чуркап кеткен окшойт",-деп жазды Баяна Кулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости